Сейтектин сюжети

«Сейтектин» сюжети — «Сейтектин» варианттарынын (12) ичинен көлөмдүү жана мазмунду толук камтыгандары Саякбай Карала уулу, Жакшылык Сарык уулу, Мамбет Чокмор уулу, Ыбырайым Абдыракман уулдарынан жыйналгандар. Академик В. В. Радлов жазып кеткен варианттан баштап, бүгүн колдо тургандардын баарында тең, дээрлик «Сейтек» «Манасты» корутундулаган бөлүм катары салттык сюжеттик канвага ээ. Алардын чоң тобу төмөнкүдөй окуяларды камтыйт: Сейтектин төрөлүшү, эр жетиши, Кыяс, Канчоролордон өч алышы, үйлөнүшү, Сырткы душмандарды жеңиши, Сейтектин өлүмү. Бардык варианттын окуясы негизинен Семетей согушта дайынсыз жоголуп, кош бойлуу Айчүрөк менен Күлчоро|Күлчоронун Кыяска олжо болуп кетишинен башталат. Сейтектин чет жерде төрөлүшү, аны Айчүрөктүн аман-эсен асырап чоңойтушу, Кыясты жок кылуу, Сейтек, Күлчоролордун Таласка көчүп келип, Канчородон кеткен кекти алышы — варианттардын негизги салттык мазмунун түзөт. Айрым окуялар жана каармандардын ысымдары боюнча гана айырмачылыктар кездешет. Мисалы, В. В. Радлов жазып алган вариантта Канчоронун чыккынчылыгы башкалардагыдай эле белгилүү үч себепке байланыштырылат да бөлөк кырдаалда өөрчүтүлөт. Кийинчерээк жазылган материалдарда Канчоро Кыясты Семетейге каршы тукуруп, Семетейди алдап, курал-жараксыз ээрчитип чыкса, мында капыстан басып келген Кыястын колуна Семетейди салып берип, өзү душман тарапка өтүп кетет. Ошентип, Семетей өлтүрүлүп, ага байланышкан окуялар ушуну менен токтойт. Андан кийинки Айчүрөк, Күлчоролордун тагдырлары да белгилүү сюжеттик чийинден чыкпайт. Композициялык курулушунун татаал жана кызыктуулугу менен өзгөчөлөнгөн Саякбай Карала уулунун, «Сейтегинин» сюжети төмөнкү окуялардан турат: Сейтектин Кыястын сарайында туулуп, өсүшү, Карадөө Сейтекти издеп келип, ага ата-тегин айтышы, Күлчорону калыбына келтирүү, Кызылсартты чакыртуу, Тооторуну дубалап, Кыясты өлтүрүү, Таласка көчүү, Тайбуурулдун Сейтекти тосуп чыгышы, Сейтектин Каныкейге учураганы, Күлчоро|Күлчоронун Акбала, Каныкейлер менен көрүшкөнү. Карадөөнүн Семетейди көрүшү, Семетейдин калыбына келиши, Желмогуз уулу Сарыбайдын согушу, Айчүрөктүн Куялыны алып келиши, Куялынын Сарыбайды жеңиши, Сейтектин кан көтөрүлүшү, тулпар, жарактарды Олуя чалдын тапшырышы, Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына үйлөнүшү, Акберметтин түшү, Коңурбайдын баласы, Ките Кожожаштын баласы Чоң Билгич менен Сейтектин Таласта согушу, Сейтек менен Акжолтойдун өлүмү.

Сейтектин төрөлүшү. Айчүрөк олжого кеткенде Сейтек үч айлык курсакта калат (Саякбай Каралаевдин варианты).

Түшүнө Манас кирип, ичи болот, сабы алтын бир нерсе берип, курсактагы балаңа сак бол деп үйрөтөт (Мамбет Чокморовдун варианты). Шартка жараша, Айчүрөк Кыяс менен Канчорого катуу каршылык көрсөтө албай, болгону Күлчорону Канчорого кор кылбай өзү менен кошо ала кетүүнү Кыястан суранат. Кыяс көп олжо менен Жедигерге келип түшүп, Айчүрөккө нике кыйдырат (ШДВ).

Сейтекти Айчүрөк он эки айдан ашык көтөрөт (Мамбет Чокморовдун варианты). Толгоо киргенден баштап, Кыяс элин жыйнап, төрөлө турган баланын кимдики экендигин эсептеп билгиле деп буйрат. Айды, күндү эсептеген көпчүлүк Кыястын баласы деп табышат, бирок Кыяс ишенбей, баланы төрөлөр замат жоготуу үчүн ууга сугарылган бирден устара берип, жети кемпирди жумшайт. Баланын көзүн ушунчасында тазалабасаңар, Манастын тукуму экен, чоңойсо бизге жакшылык кылбайт дейт Кыяс. Талабы аткарылса алдындагы Тоотору тулпарын баштатып каалагандарын берүүгө, ал турсун өлгөндө ар бирине алтындан күмбөз салдырарын убадалашат. Муну сезип калган Карачач (Кыястын денекүңү) Айчүрөккө кабар жеткизет. Айчүрөк дубалап кемпирлердин көздөрүн байлап, Карачач устараларды түбү жок кара кудукка салып жиберсе, уунун күчүнөн суу астындагы кара таш как жарылат. Айчүрөк Каныкей берген чык этпес деген уу дарыдан кымызга кошуп ичирип, жети кемпирди жайлайт да коломтонун чекесине көөмп коёт. Жакшылык Сарык уулунда Айчүрөккө толгоо киргенде Кыяс Акжигитин баш кылып, беш жигитти беш жакка чаптырып, беш желмогуз кемпир алдырат. Кыз төрөсө тим коюп, эркек төрөлсө ичин жарууга буйрат. Аларга ишенбей, Кыяс өзү да Жойболотун камдап турат. Айчүрөк кыраакылык менен жардамга өзүнүн Көй-Каптагы эжеси Көкмончокту чакыртат. Баланын киндигин Көкмончок кесмек болгондо Желмогуз кемпир бербейт. Айчүрөктүн өзгөчө касиетин белгилөө максатында Жакшылык Сарык уулу желмогуздун 40 амалы болсо, Айчүрөктүн 47 амалы бар эле дейт. Буга чейинки сүрөттөлгөн окуялардын бирдейлигине карабастан, бул вариантта баланын өмүрүнө кол салган коркунуч алда канча азайтылып берилет. Жакшылык Сарык уулунан айырмаланып Мамбет Чокмор уулу Сейтектин төрөлүшү, ат коюлушун кыскача баяндайт. Баланын Манас, Семетейге окшоштугу жедигер уруусун, Кыясты чочутат. Ушудан баштап Кыяс Сейтекти өлтүрүүгө көп аракеттенет.

Айчүрөк баласынын киндигин кесип, кирин жууп, Кыяска өзү көтөрүп келет. Кыяс каарданып баланы өлтүрөрдө Куту деген акылдуу адам ортого түшүп, «Канды кудай ураарда катыны менен кабышат, калкы менен чабышат» деп, Кыясты жоошутат. Айчүрөк кекенчү болсо, Акунканга учуп барып калың кол алып келип, баштан аяк баарыбызды кырбасын дейт. Кыяс кепке келип, жедигерди чогултуп, тоюна токсон сойдуруп, балалуу болгондугун аргасыздан жарыялайт. Айчүрөккө чейин Кайыпкандын кызы Акбермет менен Күнжүттүн Караканынын кызы Карачачка үйлөнүп бала көрбөй зарыгып жүргөнүнө карабастан Кыяс кандай да болбосун Айчүрөктөн төрөлгөн баланы өлтүрүүнү оюнан чыгарбайт. Кыяс балага жамандык ойлоп жүргөндө Айчүрөк Таластан ала келген Актинтени камдап, эгер баланы зыян кылса Кыясты жайламакка камданат. Аккуу кебимди кийип, Акундун шаарынан аскер алып келип, шоруңду катырам деп коркутат. Айчүрөктүн айбатынан чочуган Кыяс калп эле күлгөн болуп, «сынап кантээр экен десем, балаңдан бетер тилдейсиң, Чүрөк, жалгызыма душмандык кылсам оңомбу! Андан көрө балага ылайыктуу ат койдуралы» — деп, алдап чоң той берип, уулума жакшы ат койсоңор көп сыйлык аласыңар дейт элге. Эч ким даап ат коё албай кысталып турганда түрү суук, кийгени жыртык бир думана (Кызыр) кайыптан пайда болот да Түгөйкан (Түмөнкан) — Акжолтой — Санколдой — Түмөнкан — Бөйөнкан — Жаянкан — Ногойкан — Каракан — Балакан — Жакыпкан — Манас деп, баланын ата-тегин бүт эскерип, аты Сейтек болсун деп көздөн кайым болот. В. В. Радловдо бул милдетти асмандан түшүп келген алтын сакал Айкожо аткарат. Ыбырайым Абдыракман уулунда кайыптан пайда болгон думана «Сайыт ак» деген ысым берет. Жакшылык Сарык уулунда балага ат коюуда аба бузулуп, жерди жөө туман басат. «Алтын асасы колунда, жакут таажысы башында, куу баштыгы ийининде» кызыл чийкил думана пайда болуп:

Түп атасы Бөйөнкан,

Бөйөнкандан Чаянкан,

Чаянкандан Каракан,

Каракандан төрөгөн,

Жакыпкандын баласы — (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 53- инв.).

Манастын уулу Семетей, анын баласынын аты Сейтек болсун дейт. Мында Сейтектин ата-бабасынын аты-жөнү Сагымбай Орозбак уулунукуна окшош. Мамбет Чокмор уулунун вариантында куудай аппак башы бар, токсон менен сексендин ортосунда жашы бар карып калган чал (Бозбаланын атасы) баланын аты Сейтек болсун деп бата берет. Муну уккан Чачыкей аты Семетейге окшош болуп калыптыр башкача койдурсун деп киши жиберет. Айчүрөк кабарчыга болгон ишти түшүндүрүп, Каныкейге аман-эсен эркек төрөгөндүгүмдү айтып кой деп тапшырат.

В. В. Радлов жазган варианттагыдай эле Саякбай Карала уулунун, вариантында Сейтек өтө тез жана тентек өсөт. Анын аман-эсен төрөлгөндүгүн Күлчоро ар башка вариантта ар кайсы кишиден угат, жакшылыктын жышааны бар түштөр көрөт. Ыбырайым Абдыракман уулунда түш да көрүп, Момунжандан да угат. Кыяс Сейтекти өлтүрүүгө ар дайым далалаттанат. Сүннөткө отургузуу үчүн той бергенде да Айчүрөктүн кыраакылыгы менен Сейтек үчүнчү жолу өлүмдөн калат.

Айчүрөк баланы мыктылап багат, Сейтек он үчкө чыкканда эле:

Кирпиги жалын, көзү чок

Кишиден мындай балаа жок,

Жалаяк ооз, жар кабак

Жана эрдигин сынап бак,

Көзү жалын, кеби тик

Мурун борчук сеңирдей,

Бу карасат кутургур,

Булкушканды жеңгидей,

Чамынганы жолборстой,

Эки көзү кыпкызыл

Табылгынын чогундай,

Шартылдашы баланын

Чагылгандын огундай,

Өткурлүгү баланын

Соксолүнүн чогундай (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 954-инв., 89-б.) болуп, баатырдык сыны байкалып калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)