Себет

Себет — оюм-чийимге төгө турган сыя, зер боегу. Илгери темирге жалатылган күмүш бетиндеги оюм-чийимге мөөр түшүрүү ыкмасы жергеде кеңири таралган. Аны жалпысынан «себет» деп да айтат. Айлакер зергерлер күмүш буюмунун түбөлүк өчпөй, кооз көрүнүп калышы үчүн жекече чеберчиликтери менен «боекту» (сыяны) өз колдорунан чыгарышат. Аны жасап алуунун ар кандай түрлөрү бар. Мунун ички сырын, кандай касиетке ээ экендигин бир гана чебердин өзү билет. Ошондуктан, ал ыкмалар бири-бирине окшошпойт. Кызыл жездин, күкүрттүн, коргошундун жана таза күмүштүн кошундусун мыскыл таразага так тартат да, бул заттардын бирөөсүнүн үлүшүн оодугураак алат. Баарын аябай аралаштырып, тышы темир, ичи чопо чөйчөктү «эриткич» деп айтат. Ошол идишке салып, мүнөздүү эритип туруп, муну кызыл чоң болгон жыгач көмүр менен аралаштырат.

Эритме бышкан чакта кара баркуттай жылт-жулт кулпунуп калат. Аны таза темирге куйганда, ал дароо эле колдоюп сууйт. Аны тозгоктой майда талкалап, кичине чөйчөкчөсүнө салып, «ак данакерди» кошот. Оюм-чийим түшкөн жайга кенедей калакчасы менен кылдат салып, оттун табына этият кармаганда ошол чуңкурча толот. Муну абдан кургатып, өгөөлөп койгондо, кол менен даана тарткандай күмүштүн көркөм оюму пайда болот. Мындай «сыя төгүү» (себеттөө) менен түшкөн тигил же бул күмүш бетине берилген элдик оюмдарды көпчүлүк жерлерде «зооткер» («зоот түшүрүү») деп аташат. Натыйжада, ал күмүштүн негизги «саймасы» болуп эсептелет.

Элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелеринде узанып жаткан зергерлер антип көркөм оюмдун четин карартуу үчүн шпосульфиттин эритиндисинде күкүрт кислотасынан кичине кошот. Күмүш буюмун ошого салат да, аны болжолдоп кайнатат. Чөйчөкчө кылып кургатып алган чопого мистин (кызыл жез), жездин (сары жез) өз өлчөмүн мыскал таразага тартып алып кайнатат. Бул эки заттын бириктирип эритип, ага коргошунду кошот. Зергер кайнатып жатканда утуру күкүрттөн салып аралаштырып турат. Бир кезде кайноосу жеткилең болгон бул суюктук жалтылдап чыкканда гана аны чыгарып алат, Чыгарар замат муну жука темирге куят.

Аны катырып туруп, күлбото кылып талкалап алат. Айрым зергерлер минтип жасалган себетке суу кошуп эзип, аны металл бетине түшкөн көркөм оюм чийимге кичинекей калакчасы аркылуу кылдат куюп, кайра отко кармаганда себет агарып ысып чыгат. Аны чычырканактын көмүрүнө көмөт да, алаа көөрүгү менен жай басат. Мында буюм жалпы карайып калат. Зергер себет жабылган ал буюмду өгөөлөгөндө күмүш оюму кашкая көрүнөт. Чебер ал оюмга дагы жандама чийим түшүрөт.

Коргошун, күкүрт, күмүш — үчөөнүн кошмосунун ич ара үлүштөрүн таразалап, бири-биринен ашык-кем өлчөп, аларды үч-төрт курдай кайра эритип, кайра майдалап, кайра эритип, кайра майдалайт.«Сыяны» алтын-күмүш гана кабыл алат. Мындай көрүнүш асыл заттардын касиетин баамдатат. Минтип, мөөр түшүрүү сыянын (себеттин) бөтөнчөлүктөрүн көргөзөт. Себетти күмүш бетине түшүрүүгө зергер адегенде берилүүчү оюмду чийип, анан аны аябай жылтылдата тазалайт. Ношотур порошокту сууга эзип, ага күлмайда «сыяны» кошуп, буламыктай суюктукта жууруп, аябай аралаштырат. Ошонун өзүнүн калакчасы менен оюм - чийимдин үстүнө этият жаткызат.

Аны отко коюп ысытканда мөлтүлдөп эрип чыкканын зергер даана билет. Эгер оттун табына өткөрө кармап койсо, себеттин сапаты жоголуп, түшкөн мөөр узакка сактала албайт. Түшкөн сыя суугандан кийин өгөө аркылуу тазаланат. Аны жылтыратып, жүзүнө чыгаруу үчүн бүгүнкү чеберлердин өзүнчө механизми бар. Алар — азем үлгүлөрүндө көбүнчө «ай», «жарым ай», «шөкүлө» өңдөнгөн түспөлдү арбын кармап келүүдө. Аларга шуру, маржан чачыктарын чыгарат. Мындан майда гүл өңдүү калакчалар пайда болот.

Ошондо зергердин устакерчилик өз жүзү, чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү келип чыгат. Себет-2 — буудайдын паясынан тордоло токулуп, жасалган кулакчан боолуу жер жемиш терүүгө жеңил идиш. Мында ыргалып өсүп турган буудай данынын паясын оруп келип, сууга салып жибитип, өзүнөн өзөк кылат да, ал өзөккө бирден ороп, экинчи өзөккө бириктириле оңго буралат. Мында улам түбү тегерек тартып кеңейип, табакка окшотот да, түйүмдүн негизги өзөгү сфера формасында берилет. Себетти жер-жемиштери бай жерлерде, айрыкча, Түштүк Кыргызстанда көп колдонушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)