Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сатылканов Абылай

Баш барак | Биографиялар | Сатылканов Абылай

Сатылканов Абылай(1933-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - агроном, айыл чарба ишмери. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1957-жылы Жети-Өгүз районундагы Калинин атьпщагы ири колхоздо агроном болуп иштөө менен банггаган. 1958—61-жылы ошол эле райондогу Ала-Тоо колхозунун комплекс бригадасынын бригадири, 1961—68-жылы башкы агроном, колхоз башкармасынын төрагасынын 1-орун басары, 1968—88-жылы төрагасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз учурунда (1961—88-ж.) мал чарбасын өнүктүрүүдө да, айыл чарбасын өркүндөтүүдө да мыкты ийгиликтерге жетишкен жана талаачылык жумуштарын жүргүзүү боюнча облуста үлгүлүү чарбалардын бири болгон. 1988—92-жылы Даркан айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеп, айылдын социалдык-маданий турмушун өнүктүрүүгө бир кыйла салым кошкон. 1995-жылдан пенсияда, ошол эле учурда Жети-Өгүз райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасы. Айылда «Кайрымдуулук фондусун» уюпггуруп (1994-жылдан анын төрагасы), элдин жашоо-турмуш абалын төмөндөтпөй, жардам көрсөүп турууга көмөктөшкөн. Эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

С. "Ысык-Көл" энциклопедиясын чыгарууга спонсор катары финансылык жактан жардам берген.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 454, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу