Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сатыбеков Таалайбек

Сатыбеков Таалайбек Мүйүзчү жана сөөк буюмдарынын чебери. 1957-ж. Жумгал районундагы Багашан айылында төрөлгөн.1982-ж. Бишкектеги №19 көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайынын сөөк жана мүйүздөн буюм-тайым жасоо бөлүмүн бүтүрүп, ошондон бери "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде узанууда.1990-жылдан Кыргызстан эл чеберлер союзунун мүчөсү.
Таалайбек жердиги мүйүз жана сөөктөн турган бир нече чыгармачылыктагы үлгүлөрдүн автору. Мүйүз менен сөөктү тең тизгинде кармайт. Ал көбүнчө кыз келиндердин жасалгаларын: сөйкө, желбирөөч, билерик, шакек, оймок, чолпу, тарак, чач бастыргыч, түймө-тор токуучу иймек, төөнөгүч, бой тумар, ачкыч илгич, бут кийим кийүүчү кашыкча, чакча өңдүүлөрдү жана шахмат, дойбуларды төрт-беш түрлөнтүп кармайт. Түспөлдөрү бири бирине окшошпойт. Буюмдун жана белек-бечкектердин үлгулөрүн өзү ойлоп табат. Чакча жасоодо буканын мүйүзүн тандайт. Ал кыска, ичи көңдөй, калың, катуу жана тунук болот. Аны талаптагыдай кургатып, анын сырткы бүкүр бетинен баштап узунунан араалайт. Атайын мешине коюп ысытып, жумшартып, өзүнүн бастыргычына салып тегиздейт да ысык калыбына салып басат. Ошондо мүйүз ысып, калыпка дал өзүндөй түшөт. Калыптын эки бети болот. Ошондо эки мүйүздөн бир чакча жасалат. Эки бетти бириктирүүдө жыгачтын "ПВА" маркасындагы даяр желимин колдонот. Чакчаны кум кагазы мене жылмалайт. Атайын жасалган тегерек кийиз менен жалтыратат.
Асем буюмдарынын көрүнүктүүсү сөйкө-желбирөөчтү чебер мүйүз мене сөөктөн бирдей кооздукта чебер мүйүз менен сөөктөн бирдей кооздукта кармай алат. Буюмдун жердигине уйдун шыйрак сөөгүн тандайт. Сөөктүн калыңдыгына жараша атайын араасы аркылуу узунунан бөлөт. Анан сөйкөнүн формасын кагазга же сөөктүн өзүнүн үлгүсүнө түшүрүп, ашык жерлерин чарыка салат. Андан кийин медициналык бор машинасына отурат да, дарыгерлер кадимки тиш салгандай аракеттерди жүргүзөт. Дарыгерлер колдонуучу аспап-куралдарды колдонуп, буюм жасалчу сөөктүн сыртын сомдойт. Андан кийин майда сыйдалоолорду жүргүзөт. Ошондон кийин оюм-чийим түшүрөт. Кум кагаз менен сыйдалайт. Сөйкөнүн темир, күмүш илмектерин бириктирип жалтыратат. Чебер жалтыратууда жана жылмалоодо тиш жуугуч күкүмдү, борду, кол аарчы кагазды колдонот. Жылмалоодо ошол эле мүйүздүн таарындыларын да пайдаланат. Чебер тарак жасоонун ыкмасы да мыкты өздөштүргөн. Оюм түшүрүүдө да нукуралыктар баамдалат. Буюм бетине "тап бердирип" кою жөрөлгөлөрү да көрүнөт. Муну майдалата, "кыялданта" берүүгө маш. Көркөм оюм улам майдаланын барган сайын чебердин кылдаттыгы артууда. Таалайбек устакерчилике ышкысы артылып, элге керектүү буюм-тайымдар мене чектелбей уникалдуу үлгүлөрдү да жаратууга дымактанууда.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары
1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата "элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык 11 кароо сынагы" сөөк, мүйүз буюмдары үчүн Шаараткомдун Ардак Грамотасы, Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министирлер кеңешинин Грамотасы,
1987-ж. Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 70 жылдыгына карата "Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы". Мүйүз жана сөөк буюмдары үчүн "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата "Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы". Мүйүз, сөөк үлгүлөрү үчүн "Кыял" Бирикмесинин диплому,
1990 – ж. "Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү". Мүйүз, сөөк буюмдары менен катышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)