Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Саткынов Мусурбек

Саткынов Мүсүрбек


Саткынов Мүсүрбек 1934-жылы 20 марта Чүй областындагы Панфилов районунун Орто-Арык кыштагында колхозчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Кыргыз республикасынын Калинин (азыркы Жайыл) районуна караштуу Сары-Булак айлындагы А. С. Пушкин атындагы N5 орто мектепти бүткөндөн кийин Фрунзедеги политехникалык институнун тоо-кен факультетин ийгиликтүү аяктап, 1959-жылы тоо-кендерин изилдөөчү инженер деген дипломго ээ болгон.

Биринчи эмгек жолун Түндүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын Чимбулак партиясында улук коллектор болуу менен баштаган. Андан кийин кыргызстандын геологиялык эскпедициясынын партияларында геолог, отряддын начальниги, улук геолог болуу менен кызмат өтөгөн. Практикалык ишинин негизги багыты: алтын кендерин изилдөө, чалгындоо, жана запасын эсептөө болгон.

Кыргызстанда биринчи болуп, Макмал алтын кенин ачкандыгы үчүн «Кен байлыктарды биринчи ачуучу» - деген белги берилген. Көп жылдык үзүрлүү иштеген эмгеги үчүн «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. «Кен байлыктарын изилдөөнүн отличниги» значогуна ээ болгон. 1977-1980-жылдары Мали Республикасында малилик геологдор менен опыт алмашуу, аларга жардам көрсөтүү менен чет өлкөлүк командировкада болуп келген. Андан кийин 1986-1988 жылдары Въетнам Республикасында дагы командировкада болуп кызмат өтөп келген. 1998-жылдан бери ардактуу эс алууда.

Жыпаркуль САТКЫНОВА.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)