Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сатаров Токтобек

Баш барак | Биографиялар | Сатаров Токтобек

(1948-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - артист, Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1988). 1972-жылы Луначарский атындагы Москва мамлекеттик теагр иск-восу институтун бүткөн. 1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында актёр, 1991-жылдан режиссёр. 1992-жылдан башкы режиссёр. С-дун чыгармачылыгы көп кырдуулугу, каармандардын мүнөздөрүнө ылайык ийкемдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Аткарган ролдору: Жухрай (Н. Островский, «Болот кантип курчуду»), Иосиф Татаевич (Ч. Айтматов, К. Мукамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Нарша (М. Ауэзов, «Каракөз»), Эмрайн (Ч. Айтматов, «Деңизди бойлой жорткон көк дөбөт»), Клавдия, Тиррель (У. Шекспир, «Гамлет», «Ричард III»), Казыбай (М. Сейталиев, «Кайчы жолдор»), Дадый (Т. Абдумомунов, «Ашырбай») жана башкалар Режиссёр катары «Кычан» (III. Бейшеналиев), «Электра» (Л. Дюрко), «Күлгөндүн билгени бар» (Б. Жакиев), «Ак Мөөр» (жылы Садыков), «Ыйык көл баяны» (шаары Шаршеев) жана башкалар спектаклдерди койгон. С. М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 531, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу