Сары-Чат өрөөнү

Сары-Чат, өрөөнү Борбордук Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоо менен Ак-Шыйрак кыркатоосунун аралыгында, деңиз деңгээлинен 3000м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 52км. Өрөөндүн баш жагы жайыгыраак (3–5км), чыгышты карай кууштап, түбү тереңдейт. Тоо капталдары тик болуп, Сары-Төр суусу кошулгандан кийин капчыгай кебетеленип кетет. Таманында жапыз тектирлер бар. Өрөөн аркылуу терең сай менен Сары-Чат суусу агат. Ири куймалары Орой-Суу, Туура-Булак, Сары-Төр, Чомой, Бороко.
Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 10°С, кышы суук (январдыкы 21-9°С) болот. Суу баштарында жалпы аянты 195,5кмге жеткен 88 мөңгү бар. Эң ириси—Колпаковский мөңгүсү. Жаан-чачын аз (жылдык жаан-чачыны 400мм) жаагандыктан өрөөндө боз шыбак-бетегелүү кургак талаа ландшафттары кеңири таралган. Тоо капталдарында (3800–3850мден жогору) шалбаалуу талаа, бийик жана тайпак тоо жондорунда муздак чөл сымал ландшафттары орун алган. Кийинки жылдарда уюшулган (1995) Сары - Ч а т-Ээр-Таш коругунун аймагына кирет.

"Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил комиссиясы"- Бишкек-2004.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)