Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сариев Дүйшө

Баш барак | Биографиялар | Сариев Дүйшө

Сариев Дүйшө(1922-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) - артист, драматург, акын. Кыргыз Республиканын эл артисти (1993), эмгек сиңирген артисти (1973). 1941—43-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эмгек жолун 1944-жылы БозБешик айылында колхоздун бригадири болуп баштаган. 1945-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында солист.

1945—62-жылы Ысык-Көл драма театрында, 1962—84-жылы М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында, 1984жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында эмгектенет. Орус жана улуттук спектаклдерде ар кыл пландагы образдардын ички терендигине актёрдук анализ жүргүзүп, башкы каармандардын ролдорун жогорку даражада аткарган актёр. негизги аткарган ролдору: Семетей, Карагул (К. Маликов, «Сейтек»), Журналист Морфи (К. Симонов, «Орус маселеси»), Иван малай, Дикой (айыл Н. Островский, «Сепсиз кыз», «Добул»), Койчу (айыл С. Пушкин, «Евгений Онегин»), Кодар (Г. Мусрепов, «Козу Көрпөш, Баян сулуу»), Куркут (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Данияр, Бектемир (Ч. Айтматов, «Жамыйла», «Кызыл жоолук жалжалым»), Келтек (айыл Тажибаев, «Портрет»), Сиплый (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Курбан (Г. Гулям, «Ташбалтанын сүйгөнү»), Ажыбай (айыл Малдыбаев, В. Власов В. Фере, «Айчүрөк»), Борколдой (3. Сооронбаева, «Эркек колукту») жана башкалар «Үркүн», «Бүлбүл шам», «Туңгуюкка такалган күндөр», «Дарексиз аял» жана башкалар драмаларды, «Табылган кат», «Азатгүл», «Кулабасын уук эзели» поэмаларын жазган. 1-, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 781, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо