Санаторий - профилакторий

Санаторий - профилакторий (түнкү санаторий) — жумушчулар менен кызматчылар иштеп жүрүп ден соолугун чыңдоочу жана санаторийлик дарылануучу мекеме. Жалпы терапиялык (жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулуулар үчүн) жана адистештирилген С.-п. бар. Жалпы терапиялык С.-п-лерди өнөр жай ишканаларынын, жогорку окуу жайлардын жана башкалар профсоюз уюмдары уюштурат. Ага врачтын тыянагы боюнча профсоюз комитети жолдомону бөлүштүрөт. Жолдомо акысыз же жеңилдетилип (баасынын 30%ин төлөп) берилет. Дарылануу мөөнөтү 24 күн, комиссиянын чечими менен узартылышы мүмкүн. С.-п. диагностикалык аппараттары, бальнеологиялык жана физиотерапиялык жабдуулары болуп, айыктыруу физкультурасы жүргүзүлөт. Туберкулёздук С.-п-де дарылануу мөөнөтү 30 күндөн кем эмес болуп, жолдомо бекер берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)