Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Сактагыч каптоо

Сактагыч каптоо . химимялык процесс-тер жүргүзүлүүчү аппараттар, аппараттар тетиктери, химимялык зат сакталуучу идиштер бузуп жибериүүчү чөйрөнүн (иым, аба, газ, туздар эритмеси, к-талар, щелочтор жана башка) таасиринен эскирүүгө, дат басып бузулууга, чирип кетүүгө дуушар болушат. С. к. негизи — корголуучу материалды бузуп жиберүүчү чөйрөгө туруктуу, чыдамдуу кабыкча менен каптоо. С. к. ар түрдүү методдор менен жүргүзүлөт, кара металлдан жасалган материалды аба датынан коргоо үчүн хром, жез, никель жана башка материалдар колдонулат. Эгерде материалды кыска убакытка металл эритмесине чөмүлтсө, корголуучу материалдын үстүңкү бети коргоочу металл кабыкчасы менен капталат. Бул кабыкча тышкы чөйрөгө инерттүү болот да, негизги материалды коргойт. Металл, бетон, темир бетон жасалган материалдар и каптро үчүн аэро-автолактары колдонулса, борсиликатуу айнек (эмалдар) кобальт тузу менен кошулуп, болот, чоюн, буюмдарын каптоодо колдонулат. Марганец оксидин, натрий нитраты кошулган щелочтуу эритмеси, болоттон жасалган буюмдар үстүңкү бетине оксиддүү кабыкчаны пайда кылат. Оксиддүү кабыкчаны электр-хим. окистенүү аркылуу алса да болот. Жогорку темп-рага материалдар чыдамдуулугун жогорулатуу үчүн алардын беттери керамика силикат кирпичтери, плиткалары менен капталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)