Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сайрами Молдо Муса

Сайрами Молдо Муса (1840, Чыгыш Түркстан, Сайрам кыштагы – болжолу 1916) – уйгур тарыхчысы.

1864-ж. Кучада (Чыгыш Түркстан) кытайлык феодалдарга каршы чыккан көтөрүлүшкө Аксуу, үчтурпан шаарларын бошотууга катышкан.

Йакуб бектин ж-а анын жөөкөрлөрүнүн кол алдында катчы болуп иштеген.

1903–05-ж. «Тарих-и аминийа» («Амандык тарыхы») китебин жазган. Анда Теңиртоону мекендеген түркий элдердин эзелки тарыхы, Чыңгыз хандын, цин-манжурлардын Чыгыш Түркстанга басып келиши, Куча (1864) көтөрүлүшү, Йакуб бектин бийлиги (1878-жылга чейин) сыяктуу тарыхый окуялар чагылдырылган, Алымкул датка (китепте Мулла Алимкул, Алимкул кыргыз) сыяктуу кыргыз саясий ишмерлери да эскерилет.

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)