Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Саякбай Каралаев

Баш барак | Биографиялар | Саякбай Каралаев

Саякбай Каралаев — Кыргыз элинин атактуу манасчысы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Ысык көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган.

Саякбай Каралаев
Саякбай Каралаев
Төрөлгөн датасы1894-жыл, 7-сентябрь
Төрөлгөн жериЫсык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Өлөң айылы
Каза болгон датасы7-май, 1971-жыл
Каза болгон жериФрунзе шаары, Кыргызстан
Ишмердүүлүкманасчы, акын
Жанрманас айтуу, поэзия

Жалпы маалымат

Саякбайдын сөз өнөрүнө болгон кызыгуусу бала күнүнөн эле билинген. Аны буга дилгирленткен жомокчу жана кошокчу чоң энеси Дилдеш болгон.

Анда Саякбай Каралаев омур баяны жонундо кененирээк айтып берели. Ал киши көптү көргөн, узак жашаган нускалуу адам эле, билген жомокторун, улама сөздөрдү, уккан-көргөндөрүн айтып, көп эл чогулган жыйындарга небересин ээрчитип барып, анын баамчыл, сергек болуп өсүүсүн каалаган. Бала кезинен эле жаштардын оюн-зоокторунда элдик майда ырларды аткарып, кээде өзү да ыр чыгарып ырдаган.

Манас менен Саякбай

Өзү үйрөнгөн Манастын кыскача үзүндүлөрүн айтып жүрүп жомокчу аталат. Октябрь Революциясынын жеңишинен соң Саякбай Кызыл Армиянын катарына кирет. Армиялык кызматынан кийин өз жерине келип, бир нече жылдар бою айылдык советтин төр агасы болуп иштейт. Ал кайда барып иштесе да ырчылык кесибин өркүндөткөн.

Ошол кезде көзү тирүү чоң манасчылардан таалим алып, өзүнүн билгендерин толуктап, билбегенин терең өздөштүрүүгө аракеттенген. Саякбай таалим алган атактуу манасчылардын бири Чоюке болгон. Чоюке Манастын үч бөлүгүн тен билген. Андан башка Акылбек, Дыйканбай, Жакшылык, Чоңбаш жана башка алп манасчылар менен жолугушуп, пикир алышып турган.

1930-жылдан ал бир отоло манасчылык кесипке өтүп, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик филармониясына кирген. Ошентип, биздин доордо жашаган залкар манасчы Саякбайдын чыныгы чыгармачылыгы ушундайча башталат. Фольклордук топторго кошулуп, жер-жерлерге концерт коюп барган.

1922-1931-жылдары атабыз айтылгандай эле айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеп, өз айылынын коомдук жашоосуна активдүү катышчу. 1931-жылдан 1936-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик театрынын солисти болгон. Андан соң 1954-жылга чейн Кыргыз мамлекеттик филармониясында. Бул учурда дагы ал өзүнүн манасчылык өнөрүн таштабай түрдүү маданий иш-чараларда активдүү манас айтып, өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында болгон.

Бүркүт менен Саякбай сүрөт

Уккан адамдардын айтымына караганда Манас жана анын бөлүмдөрүн күндөп гана эмес, жумалап-айлап айта берүүчү экен. Саякбайдан Манасты жана башка эпосторду жазып алуу үчүн илимий кызматкерлер ондогон жылдар бою эмгектенишкен. Саякбай Семетей, Сейтек, анча белгилүү болбогон анын уландылары Кенен, Алымсарык, Кулан-сарыктар жөнүндө да айткан.

[ushka=seredina]

Ал башка кенже эпосторду да билген. Мисалы, Эр Төштүк Саякбайдан жазылып алынып жарык көргөн. Анын өзү жазган Бүркүттүн жомогу, Унутулгус күндөр, Делдеш баатыр чыгармалары да бар. Бирок бизге Саякбай баарыдан мурда залкар манасчы катары белгилүү. Аны замандаштары, айрыкча Мухтар Ауэзов 20 кылымдын Гомери деп аташкан.

Сүрөт капчыгайда

Көлдө туулган манасчылардын эң аксакалы Акылбек манасчы болгон. Ал тууралуу азыр элибизде маалыматтар өтө аз. Бирок анын залкар манасчы экенин Саякбай Каралаевдин төмөнкү сөзүнөн билсек болот:
Назар, Нооруз, Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек,
Баарыныкын байкасам
Арылта билген Акылбек.

Каралаев портрет фото

Кыскача басып өткөн жолу

"Саякбай Каралаев" 1930-жылдан баштап манасчы катары тааныла баштайт. Анын талантынын эртелеп ойгонушуна башында айткандай чон энеси Дакиш да туртку болгон. 1916 - жылкы көтөрүлүштө болсо Саякбай да эл менен кошо Кытай жергесине качат. Бирок ал бир нече жолдоштору менен ак армиянын колуна түшөт.

Актар качкындардын көбүн өлтүрөт. Саякбай тирүү калып, бир байга 1918-жылга чейин малай болуп жүрөт. 1918 - жылы ал партизандардын катарына кирип, Алматыда алты ай аскер ишин үйрөнөт. Андан кийин Чыгыш Сибирге барып, актарга каршы согушат. Демек атабыз согушка да катышкан экен да?

1922-жылы аскер кызматынан бошонот. Андан соң айлына келип, Ырдык андан кийин Кызыл октябрь айылдык кеңешине төр ага болуп иштейт. 1935-жылдан баштап Саякбайдын манасы жазылат. Саякбайдан жазылып алынган манастын жалпы көлөмү 500553 сап ырдан турган. Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрүн улантып, Сейтектин уулу Кененди анын балдары Алымсарык менен Кулансарыктын окуяларын да жаздырат.

Манас айтуу

Саякбай ата өмүрүнүн 60 жылын Манаска арнап, Манас училтигинин үч бөлүмүн толук жаздырууда тоодой эмгек кылган. Алп манасчы XX кылымдын Гомери деп аталып, манасчылык кесипте бүгүнкү күнгө чейин илимде так жооп алына элек сырлардын бири Манас айтууну үйрөнүүдөгү биринчи кадамды түш көрүүдөн баштайт.

Фото Манас айтууда

Башка манасчылар сыяктуу эле "Саякбай Каралаев" да өзүнүн манасчылык кесибин Манас эпосундагы каармандарды түшүнөн көрүп андан соң Манас айта баштайт. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирет экен. Анын өзүнүн айтуусу боюнча, биринчи түшүнүн мазмуну мындай:

Саякбай түндө үйүнө келе жатып, жолдон чоң ташты көрөт. Ошонун жанына жеткенде өзгөчө катуу үн угуп, эси ооп калат. Бир мезгилде эсине келип караса, чоң таш - чоң боз үй болуп калат. Боз үйдөн бир аял чыгып: Мен Каныкей болом, боз үйгө кирип даам ооз тий, айланайын, дейт. Боз үйгө кирген Саякбай толтура эт салынган чоң-чоң табактарды көрөт. Чекесинен бир табактагы эттен жей баштайт. Каныкей: Балам, бардык табактан бир чымчымдан ооз тийип чык, дейт. Бирок бул кеңешти Саякбай аткара албайт. Аңгыча бир нерсе жарк дегендей болуп, боз үй жоголуп кетет. Тура калса алдында эбегейсиз чоң ат минген бир чоң киши пайда болот. Ал: Мен Бакай абаң болом, дейт, 67 жылдан кийин жомокчу болосун - деп батасын берип жок болот. Ал эми экинчи жолу ал Алманбетти түшүндө көрөт. Ушундан кийин Саякбай Манас айта баштайт.

Саякбай Ата фото

Саякбай Каралаев айтылгандай эле Ысык-Көлдөгү Ак-өлөңдүн Семиз-Бел деген жеринде туулган. Манасчынын балалык күндөрү Жети-өгүздө өткөн. 1931-жылдан баштап ал Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) чакыртылып, анын айтуусу боюнча Манас эпосу жазылып алына баштаган. 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардактуу наамын алган жана мындан тышкары көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон.

XX кылымдын Гомери, эл ичинде зор урматка ээ болуп, бүткүл дүйнөгө атагы тараган залкар манасчы Саякбайдын чоң манасчы болуп калыптанышына айткандай эле Чоюке Өмүр уулунун таасири зор болгон. Ошентсе да көпчүлүк манасчылардай эле өзүнүн Манас айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырып, Каныкей, Бакай аян бергендигин эскерет.

20 кылымдын гомери

Манас айтуу өнөрүн кесип катары гана көрбөстөн, кандайдыр бир анын вазийпасы экенин жон териси менен түшүнгөндөй, артынан сая түшүп айта баштаган. Манасты жазып алуу колго алынып, жазуу иши 1930-жылдын аягында башталып, 1947-жылга чейин созулат. Ушул аралыкта Манас - 84513 сап ыр, Семетей - 316157 сап ыр, Сейтек - 84697 сап ыр жана Сейтектин уландысы болгон анын баласы Кенен баатыр, Кенендин уулдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндөгү окуялар, бүт - 15186 сап ыр көлөмүндөгү варианты (түрү) жазылып алынган.

Мындан тышкары Саякбайдын айтуусунда Манас эпосунун толук тексти магнитофондук тасмага түшүрүлгөн. Анын варианты Манас бөлүмү эки китеп, Семетей - эки китеп, Сейтек бир китеп болуп басылган. Саякбай манасчылык өнөрдүн XX кылымдагы улуу өкүлү жана сактоочусу эле болуп калбастан, кино тасмага түшүп Манасты бүткүл дүйнөгө тааныткандыгы менен да улуу.

Тоодо сүрөт

Кызып айтып келгенде ал кездери,
Кыраан көзү Сакемдин жаркылдачу.
Кыя чаап наркескен наркескенден,
Найза тийип найзага карсылдачу.

Алсырашын душмандын агып каны,
Азыр көрүп тургандай ырдачу эле.
Чоро болуп Манаска алыстагы,
Жоону бирге жеңгенсип жыргачу эле.

Жалы желге сеңселип жумшак болуп,
Алдыбызда Тайтору ат турчу эле.
Кайран Сакем чайынан ууртап коюп,
Каныкейге күлүктү чаптырчу эле.

Көңүлүбүз жарышып аттар менен,
Көзүбүзгө кыймылдуу сүрөт келчү.
Тайторуну Каныкей чапкан менен,
Аны алдыга Саякбай сүрөп келчү.

Каныкейге кошулуп кубанганда,
Сакемдин да көз жашы жашы сымап болчу.
Сымап төмөн мөлт этип кулаганда,
Ак кыроолуу мурутун сылап койчу.

Бүркүттөрүн эсине сала коюп,
Ысык-Көлгө токтобой жөнөөр эле.
Туурдагы бүркүтүн ала коюп,
Тумшук менен канаттан өбөр эле.

Бүркүт салып келген соң, көлдүн далай,
Жыйнап алып дыйканын, малчыларын,
Бүркүт мүнөз Сакемдин көрдүм далай,
Дөңдө отуруп бүркүтчө шаңшыганын.
(Каныбек Иманалиев)

1971-жылдын май айында Саякбай атабыз катуу ооруйт, киши тааныбайт, бирок ошого карабастан көргөндөрдүн айтымына, ошондой эле атабыз менен ошол кезде ооруканада кошуна палатада жаткан Николай Удалов аттуу адамдын айтымына карганда, кыйналып жатса дагы күңгүрөнүп Манас айта берген. "Бир укмуш айтат. ...Сокурду көзүн ачып ийчүдөй. ...Чагылганды колго кармап алып асманды тилип жаткандай. ...Жер тоголонуп бараткансып. ...Дайраны артка агызгызып жаткандай. ...Ааламды алаканга салып, ачып-жуумп жаткандай. ...Муңу менен муз эритип жаткандай." (Каныбек Иманалиевдин - Саякбай гений жөнүндө баллада китебинен). Саякбай атабыз өлүп баратып дагы Манас айтып, Манастын өлүмдөн дагы күчтүү экенин айтып 1971-жылы бул дүйнөдөн кете берди.

Атабыз профессионалдуу Манас айтуу боюнча жападан жалгыз манасчы, манасчылардын атасы десек болот. 1968-жылы "Мелодия" аталган бүткүл союздук грампластика фирмасы тарабынан биринчилерден болуп Каралаевдин альбому чыккан. Атабыз манас айтып жатканда, түрдүү боекторго боелгон Манас айтуу искусствосуна ага теңдеш адам жок эле.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 37312, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу