Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Саяк уруу

САЯКТАР – кыргыз уруулларынын курамындагы, анын ичинде оң канат уруулук тобуна кирген ири уруулардын бири. Саяктар өз алдынча САЯК(чоң саяк) жана ЧЕКИР САЯК деп аталган эки чоң бөлүккө бөлүнүп, санжыра маалыматтары боюнча экөө тең бир уруу катары каралса, белгилүү этнограф С. М. Абрамзон бул экөөнү эки башка уруу деп эсептеген. Кыргыз санжырасында саяк уруусунун чыгышы Тагай бийдин Саяк деген асыранды баласына байланышып айтылат. Анын жортуулчу Байболот деген уулу жортуулдап жүрүп, Чекир молдонун балдарын алып келип, алардан тараган тукум Чекир Саяк деп аталып калган. Илимий изилдөөлөр боюнча саяк уруусунун чыгышы жана анын калыптанышы тууралуу бир-бирине карама-каршы пикирлер айтылып, көпчүлүгү талаш-тартыш жаратуу менен гана чектелет. Башкача айтканда илимий негизде ачыла электигине байланыштуу, саяк уруусунун чыгышы, тараган теги тууралуу маселе толук чечиле элек. Ошондой болсо дагы саяк уруусун кыргыз этносунун курамындагы орто кылымдагы этностук компонентинин бири деп кароого болот. Уруунун ички түзүлүшү көптөгөн уруктарды камтыган татаал системадан тургандыктан, алардын таралышына байланыштуу бир канча варианттар сакталып калган. Анын ичинен саяк уруусунун (чоң саяк) уруктук бөлүнүшүн көрсөткөн төмөнкү өзөктүү вариантында Тагай бий Саяк деген баланы багып чоңойткону белгиленет. Ал эки аял алып, 1-аялынан Байболот, Кайдуулат, экинчисинен Каба деген эркек бала болгон. Байболоттун беш уулунан тарган тукум «өйдө чекти» деп аталып, Кайдуулаттын балдары «каратай», «төлөк», «беш таз», «бай барак» деп, ар кимисинин аттары менен өзүнчө урууга айланган. Кабанын тукуму сан жагынан көп болуп, көптөгөн уруу топторуна бөлүнөт. Байбичесинен Түнкатар, Түнтөй, кичүү аялынан Шыкмамат деген балдары болуп, Түнкатар өз алдынча «кутунай», «бегет», «качканак» тукумдарына ажырайт. Качканак тукумунан Арзымат, Садыр баатыр, Сейит, Байтүгөл, Ырыскулбек ж. б. сыяктуу саяктарды бийлеген ири манаптар чыккан. Түнтөй уругу «актери», «бозтери», «арбото» топторунан, а. и. Актери «шамаке», «жарыке», «саке», «сарык» уулдарына тарап, алардын көпчүлүгү Тогуз-Торо аймагында турат. Сарык тукуму «атакара», «ботокара», Бозтери «досой», «казак», «элтинди», Арбото «азат», «дуулат» уруктарына тарайт. Шыкмамат Култай, Кудаш эки атага ажырап, Култай «бакты», «ороз» жана «бөөбүй» уруктарына, Кудаш «бектемиш» (бакачы), «куртка мерген», «анжай» (кожояр), асыранды уулу катары эсептелген «инжай» (бөлөкбай) тукумуна ажырайт. Саяктар (чоң саяк) Ысык-Көлдүн күнгөйү, Тоң районунун батыш аймагы, Кетмен-Төбө өрөөнү жана Тогуз-Торонун түндүк тарабын жердейт. Уламыштар боюнча чекир саяктар саяктарга (чоң саяк) энеси тарабынан гана тууган (энелеш) болуп, атасы Чекир молдо (Чакыр, Шакир) кыргыздарга башка тараптан ооп келген адам катары эсептелет. Ички курамы боюнча алар «курманкожо» (буга курманкожонун өз тукумдарынан тышкары, Түгөлдүн бардык тукуму кирет), «кулжыгач», «ыман», «чоро», «аккабак» деген беш чоң бөлүкчөгө бөлүнсө, «терек» деп аталган алтынчы уругу өтө аз сандуу болгон. Санжырада Чекир молдонун эки аялы болуп, биринчи аялынан үчкуртка, Түгөл деген эки уул, экинчи аялынан Керимкул деген бала төрөлгөн. Керимкулдан Карагул, Коошум, Чооке, Чаака жана Байтөбөт аттуу уулдарынын тукуму жалпысынан «ала көз» деп аталат. үчкурткадан Аккабак, Ыман, Кудайберди – үч уул. Аккабактын тукуму «аккабак», Ымандын тукумдары «ыман» уругу деп аталат. Кудайбердиден Балта (ал Терек деп аталып калган), Кулжыгач, Чоро. Кулжыгачтын байбичесинин аты Күрүчбек болгондуктан, анын балдары (Караболот, Шааболот, Коюке, Жолуке) энесинин атынан «күрүчбек уругу» деп аталып калган. Супкуна деген кичүү аялынан Итэмген, Сүтэмген деген эки уул болуп, Сүтэмген тукумдары түштүктөгү ичкиликтердин арасында «чапкынчы» уругун түзөт. Итэмген балдарынан жалпы «үчкуртка» бутагын бийлеген Түлкү, Качыке, Кедей сыяктуу ири төбөлдөр чыккан. Чоро тукуму «марка», «барчык», «чоң чарык» болуп бөлүнүп, алардын арасынан дагы Жамболот, Ырыскул, Атантай, Тайлак сыяктуу белгилүү башкаруучулар чыккан. Түгөл «жараш», «осмон» жана «маңгыт» бутактарына ажырап, «маңгыттан» «курманкожо», «катаган», «аюу», «котон», «байталчы», «көк мээ» уруктары тарайт. Чекир саяктар Жумгалда, Ак-Талаанын түндүгү, Суусамырда, Кочкордун батыш этегинде, Таш-Көмүр жана Лейлекте турушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)