Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сагымбай Орозбаков

Баш барак | Биографиялар | Сагымбай Орозбаков
Сагымбай ОрозбаковСагымбай Орозбаков — кыргыз элине кенири белгилуу болгон зор таланттардын бири. «Манас» эпосун сактоодо жана онуктуруудо ал баа жеткис салым кошкон. Чон манасчы Сагымбай Орозбаков 1867-жылы Ысык-Колдун Чырпыкты айылынын жанындагы Кабырга деген жерде туулган. Манас айтуу ишине Сагымбай 14—15 жаш курагынан тартып кирише баштаган.

Бардык эле манасчылар сыяктуу Сагымбай Орозбаков да «Манас» эпосун айтууну туш коруу менен байланыштырат. Сагымбай тушундо бир чон уйдун ар кайсы жерлеринде «Манас» айтып жаткан кишилерди корот. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот: Ошондо бироо Сагымбайды: «Манас» айтпасан айбалта менен чабам», — деп коркутат. Ал жигит Семетей экен. Ушул тушунон кийин «Манас» айтууга кирише баштайт.

Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен кезигишкенде «Манас» бир кун, бир тун тынбай айтыптыр, ошондо Токтогул: «Кыргыздан мындай манасчыны эч коргон эмесмин, эстен тандым», — деп Сагымбайдын талантына баш ийген экен. Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен уркуп барып, ал жерде да «Манас» айткан. Кытайлык кыргыздардан да буга тен келген манасчы чыккан эмес экен.

«Манас» эпосун Сагымбайдан жазып алган Ыбрайым Абдрахмановдун мындайча эскергени бар: «... Сакемдин «Семетейи» бир укмуш керемет эле. Эпосту угуп олтургандар кээде ыйлап, кээде кулушуп, жыргап калышар эле. Азыр эле айткан кызыктуу учурларды «дагы бир жолу айтып коюнузчу» деп суранышкандарын нечен жолу уккамын.

Эл аралап коп айылдарга барганыбызда ушундай болчу эле... Мен «Семетейди» да кагаз бетине тушурууго аракеттенип кордум. Бирок ал кишини «Семетей» айтып жатканда токтотууга мумкун эмес эле...» Ошентип, Сагымбай Орозбаковдон Манас училтигинин I — «Манас» болуму гана жазылып алынган. Анын ооруп калганына байланыштуу калган «Семетей» , «Сейтек» болумдору жазылып алынбай калган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 17114, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо