Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930)

Баш барак | Биографиялар | Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930)

Элибиздин улуу манасчыларынын бири Сагымбай Орозбак уулу Ысык көлдүн күнгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулуп, 12-13 жашар кезинде атасы өлүп, жетим калат. Дээринен зирек Сагымбай бала кезинен эле тамашалуу ырларды жамактап ырдаганга, кошок чыгарганга шыктуу болуп, 15-16 жашынан Манас айта баштаган.

Ал Манасты эң алгач өз алдынча тың манасчы эсептелген агасы Алишерден угат. Кийин ошол учурдагы чоң манасчылар Чоңбаш, Тыныбек, Найманбай, Балык жана Келдибектерден угуп, чеберчилигин арттырат. Белгилүү манасчы Келдибек анын Манас айтканын жактырып, обонун жеткиликтүү аткарууда, кол жаңсоо, мимика жана башка кыймыл-аракет ыкмаларына үйрөтөт.

Сагымбай жомок айтуудан башканы кесип кылбай, үй-бүлөсүн жалаң Манас айтуу менен баккан. Кырк жыл чамасында эл аралап, жайдыр-кыштыр бир айылдан экинчи айылга, бир өрөөндөн экинчи өрөөнгө өтүп, элдин кумарын кандыра күндөп-түндөп Манас айткан.

Ал Манас айтып жатканда бетинин кызылы тарам-тарам болуп, сакалы жайкалып, бийик добушу табына келип, канчалык узак айткан сайын алыска чуркаган күлүктөй демөөрдөнүп, кээде көзүнө бир нерсе көрүнгөндөй, үстөккө-босток колун жансап-шилтеп, кээде ордунан жылып да кетчү. Бийик, коңур үнү улам кубулжуп, угуучуларды бирде кубантса, бирде ыйлаткан.

Ал улуу жомокчу-манасчы гана эмес, ак таңдай төкмө акын да болгон. Буга жер көркүн сүрөттөгөн лирикалык Ысык көл менен коштошуу элдик философиялык үлгүдөгү санаат-насыяттары, Эгин эккендеги ыр сыяктуу тамашалуу ырлары, Жолбун ит деген тамсили, Чычкандар аттуу жомок-поэмалары далил.

Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын баалуулугу элибиздин өткөндөгү көз-караш түшүнүктөрүн, үрп-адатын, турмуш абалын, башкача айтканда, эл арасына кеңири таралган салттарын кеңири баамдагандыгында болуп эсептелет.

Манасчынын улуулугун таамай көрө билген дүйнө жазуучусу Чынгыз Айтматов ага мындайча баа берет: Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, ташкындаган сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта кайталанбас рухий көрүнүштүр. Манас, Манас болгондон берки эпостор тамчыга тамчы кошулуп, сөз сөзгө, ой ойго кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет.

Сагымбай Орозбак уулунун вариантын кагазга түшүрүү иши Октябрь революциясынан кийин гана колго алынган. 1922-жылы Манастын биринчи бөлүгү толук жазылып алынган. Ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу үчилтикти толук жазып алуу иши аягына чыкпай калган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1734, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу