Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сагымбай Орозбак уулу

Баш барак | Биографиялар | Сагымбай Орозбак уулу
Сагымбай Орозбак уулуМанасчылык өнөрдүн улуу устаты Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-көлдүн күнгөйүндөгү Кабырга деген жерде төрөлгөн. Анын, кыргыз элинин кайталангыс улуу мурасы болгон «Манас» эпосун ыйык тутуп доордун тарыхый мүнөзүнө шайкеш чыгармачылык менен өнүктүрүп, сактап келүүдө сиңирген эмгеги зор. Сагымбай «Манас» айтууга 15-16 жашынан кызыга баштаган жана ага чейин эле лирикалык ырларды жараткандыгы белгилүү.



Ал «Манас» айтып калуусун башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат жана түшүндө Семетей баатыр аян берип, ошондон кийин айтып калгандыгын эскерет. Анын манасчы катары калыптанып өсүшүнө атактуу Балык, Акылбек, Дыйканбайдын тийгизген таасири күчтүү. Анын негизги устаты делип Тыныбектин ысмы аталат. Өз заманындагы манасчылардан айырмаланып сабаттуу, кат тааныган адам болгон. Сагымбайдын айтуучулук өнөрү элге кеңири тарагандыктан, аны Анжияндан тартып Талас, Чүй, Көл кылаасындагы элдер дайыма кадырлап чакырып, «манасын» угушкан. Ал «Манастын» үч бөлүмүн тең толук айткан.



Бирок замандаштары «Семетейди» зор эргүү менен айткандыгын эскеришет. 1922-1926-жылдардын аралыгында анын айткан вариантын жазып алуу иши жүргүзүлөт. Ал ишти элдик оозеки чыгармаларды жыйноочулар Каюм Мифтаков баштап, Ыбырай Абдырахманов уланткан. Баардыгы болуп «Манас» эпосунан (180378 сап) толук окуялары жазылып алынган. Анын варианты эпостун баардык салттуу окуяларын толугу менен камтып турат. Тилекке каршы андан, оорусуна байланыштуу «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү жазылбай калган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 5382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу