Саат

Жүрөктүн кагышы, деңиздин ташкыны жана тартылуусу, күндүн чыгышы жана батышы, жыл мезгилдеринин алмашуусу... Булардын ортосунда кандай жалпылык бар? Алар мезгилдүү кубулуштар, башкача айтканда убакытты эсептегенсип, белгилүү бир мезгил сайын кайталанып турушат. Адамдар күн менен түндүн алмашуусуна, күн менен айдын кыймылына байкоо жүргүзүп жылды айларга, айды күндөргө, күндү майда убакыт бөлүктөрүнө - саатка бөлгөн. Бирок убакытты кантип эсептөө керек? Убакытты алгач күн сааты менен эсептешкен. Аны жасоо өтө женил болгон: тегиз жерге казыкча кагылган. Күн тийген убакта таякчанын көлөкөсү азыркы саат сыяктуу бөлүктөргө бөлүнүп, чийилген аянтка түшкөн. Күн батканча таякчанын көлөкөсү жылып турган, анын кыймылы менен адамдар убакытты билишкен. Бирок күн бүркөлгөндө жана түн ичинде күнсаат иштебей калган. Андан суусаатты ойлоп табышкан.

Суу бир идиштен экинчисине бир калыпта тамчылап, жебеси бар калкыма бирде ылдый түшүп, бирде жогору көтөрүлүп турган. Сууну унутпай куюп турса мындай саат күнү-түнү менен иштей берген. Ал эми бир колбадан экинчи колбага кум чубуртулган кумсаат биздин күндөргө чейин келип жеткен. Бул сааттардын бардыгы колдонууга ыңгайсыз эле. Механикалык саат жөнүндөгү алгачкы маалыматты окумуштуулар байыркы византиялык кол жазмалардан окушкан. Ал кол жазмалар 578-жылга таандык. Алгачкы механикалык сааттын саат көрсөтүүчү бир гана жебеси болгон. 1404-жылы Москва Кремлине Россияда биринчи болуп мунара саатын орнотушкан. Андан кийин бат эле башка көптөгөн шаарларда да мунара сааттары пайда болду. Мындан болжол менен 100 жылдан кийин Европада биринчи чонток сааты жасалган.

Голландиялык окумуштуу X. Гюйгенс 1657-жылы саатты маятник менен жабдыган. Маятник (аягына оор жүк байланган узун өзөкчө) бир калыпта чайпалып турат. Анын термелүү аралыгы бирдей. Сааттын маятниги болбосо ал 15 минута астыга кетип же артта калмак. Азыр так жүрүүчү маятниктүү же маятник сааттары бир сутканын ичинде 1 секунддай алдыга кетет же артта калат. Маятник сааттын жүрүшүн жөнгө салат. Бардык сааттарга сөзсүз керектүү дагы бир нерсе - энергия булагы.

Ал оор гиря же пружина, же болбосо электр батареясы. Ушул убакка чейин бардык сааттардын маанилүү бөлүктөрү - саат, минута, секунда көрсөтүүчү жебелери болуп келди. Бирок кийинки убактарда көпчүлүк сааттар жебесиз жана циферблатсыз чыгарыла баштады. Сааттын бетинде кичинекей айнекче болот, анын ичинде саат, минута, секунданы көрсөтүүчү цифралар бар, алар убакытка жараша жылат. Сааттын кээ бир түрү айды, числону жана жумадагы күндөрдү да көрсөткүдөй кылып жасалат.

Азыркы илим менен техника сааттардан өзгөчө тактыкты талап кылат, муну эми механикалык маятник камсыз кыла албай калды. Кварц сааттарын ойлоп табышты. Анда электр тогунун таасири менен термелген кварц пластинкасы маятниктин кызматын аткарат. Кварц маятниктүү саат 30 жылда 1 секундага алдыга кетет же артта калат. Андан дагы так маятниктерди издешип, татаал термелүү кыймылындагы молекулаларга жана атомдорго көңүл бурушкан. Атомдук жана молекулярдык саат - азыркы учурдагы эң так саат. Сааттарды конструкциялоо менен бирге адам ар түрдүү так аспаптарды, приборлорду, механизмдерди жаратты.

Сааттын тактыгы ылакапка да айланган: Сааттай так жүрөт - демек иштеген ишинин баары так.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)