Руталар (Rutaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Дарак, бадал, кээде чөп. Жалбырагы татаал, канаттай, чанда жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Вегетация органдарында, кээде мөмөсүндө бальзам, чайыр, эфир майлары бар. Гүлү эки, айрым учурда бир жыныстуу, гүл коргону 4–5, кээде 2–3 мүчөлүү, аталыгы экөө, энелиги 1–5 же көп мөмө жалбыракчалуу, мөмөсү–кутуча. Жер бетинде 1600 түрү, көбүнчө, тропик жана субтропик алкактарында таралган. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, 40тай түрү, Кыргызстанда 11дей түрү бар. Көпчүлүк Руталар мөмө берүүчү (бергамот), дары-дармек өсүмдүктөрү, айрымдарынан баалуу жыгач алынат.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер