Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Рулдук башкаруу

Рулдук башкаруу – дөңгөлөктүү машиналардын кыймылын өзгөртүүчү механизм. Көпчүлүк машиналарда руль механизминен жана руль өткөргүчүнөн турган автомобиль тибиндеги Рулдук башкаруу колдонулат. Азыркы машиналардын червяк менен роликтүү, червяк менен сектордуу же винт менен гайкалуу кинематикалык кошмоктуу рулдук механизми бар. Автомобиль жана автобустардын көпчүлүгүндө Рулдук башкаруунун гидравликалык же пневматикалык күчөткүчтөрү колдонулат. Руль өткөргүчү бурулууда эки дөңгөлөктүн тайгаланбай айлануусун камсыздоочу руль трапециясын пайда кылуучу рычагдар системасынан турат. Рулдук башкаруунун колонкалуу конструкциялуу коопсуз руль тиби кеңири колдонулууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)