С. Л. Рубинштейндин психологиялык изилдөөдөгү педагогикалык практика жөнүндөгү ой толгоолору

Балдарды түшүнүү менен тарбиялап, окутуу үчүн, аларды тарбиялоо менен, окутуу менен билүү бул толук кандуу педагогикалык иштин бирден бир жолдорунан жана балдардын психологиясын жемиштүү таанып-билүүнүн ыкмаларынан. Балаүчүн тарбиялоо жана окутуу процессинде, өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен, өнүгүүдөн жана калыптануудан башка табигый нерсе жок. Илимий таануунун объективдүүлүгү жөн гана сырттан байкап туруучулук дегенди билдирбейт. Чындыгында биз дүйнөнү өзгөртүү менен, аны тереңирээк таанып-билебиз. Бул изилдөөнүн жана таасирлердин биримдүүлүгү жана өз ара байланышы жөнүндөгү жалпы жобо психологиялык изилдөөнүн методикасынын бирден бир негизи жана эң спецификалык методологиялык принциптеринен болот. Баланын психологиясына тиешелүүлүгүнө карай турган болсок бул балдарды тарбиялоо-окутуу менен психологиялык таанып-билүүнүн биримдик принциби. Мугалимдин-тарбиячынын толук кандуу практикалык ишинде психологиялык таанып-билүү менен практикалык педагогикалык иштин тынымсыз өз ара аракеттенүүсү жүрүп турат.

Бул өз ара аракеттенүүнү балдардын психологиясын билүүнүн баалуу каражаты катары пайдалануу керек жана зарыл. Психологиялык таанып-билүү менен педагогикалык практиканын өз ара байланышын аныктоо менен төмөндөгүлөрдү эске алуу абзел: 1. Психологиялык изилдөө менен педагогикалык практиканын өз ара тыгыз байланышы жана өз ара шарттоочулугу, ар бири өзүнүн предметине ээ болгон, психология менен педагогиканын ортосундаш принципиалдуу так айрыманы алып таштабоосу керек. Баланын психикалык өнүгүүсүнүн жана педагогикалык процесстин өз ара көз карандылыгы менен, өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүндөгү балаиын психикасы психологиянын предмети болуп эсептелинет; ал эми педагогикалык процесс бул өнүгүүнүн шарты катары белгиленет. Педагогикалык изилдөөдө тарбиялоо жана окутуун спецификалык мыйзам ченемдүүлүктөрү педагогиканын предмети болот, ал эми өнүгүүнүн түрдүү тепкичиндеги баланын психикалык сапаттары эске алынуучу шарт катары болуп калат.

Демек, бир илим үчүн изилдөө предмети болуп эсептелген нерсе, экинчи илимге шарт катары белгиленет.2. Педагогикалык жыйынтыктар психологиялык маалыматтарды шарт катары эсепке алуу менен, педагогикалык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн системасында жана логикасында аткарылуусу керек. Ал эми психолгия өзүнө тиешелүү, психологиялык проблематикасынын үстүндө иштөөсү керек, ал канчалык кенен жана терең планда жасалса, ошончолук жакшы. Психология өзүнүн спецификалык жана борбордук мазмунун жайылтып алса, педагогика ошончолук көп өзү үчүн маалымат алат.

Психологиялык изилдөөнүн практикалык маселеси үчүн, адамдын психикалык сапаттары өнүккөн жана калыптанган, адамдык иш-аракеттин ички психологиялык мазмунун ачуу өзгөчө мааниге ээ. Педагогикалык практика үчүн баланын, психикалык сапаттарынын өнүгүүсү жана калыптануусу ишке ашкан, иш-аракетинин ички психологиялык мазмунун ачуу маселеси турат. Баланын иш-аракеттеги ички психологиялык планын ачуу жана анализдөө, анын акылы түзүлүүчү, анын мүнөзүнүн калыптануусу өткөн, практикалык, теориялык, акылдык окуу иш-аракети педагогикалык практика үчүн, мугалимдин жана тарбиячынын бардык окуу жана тарбиялоо иши үчүн олуттуу мааниге ээ. Баланын жүрүм-турумундагы бирдей акт сыртынан натыйжалуу болгону менен ички мазмунуна анализ жүргүзгөн учурда маңызы боюнча түрдүү мааниде экендиги байкалат. Баладагы мотив менен максатка карай аткарылган ар башка акт түрдүү мазмунга багытталып, айрым учурда педагогикалык баалуулуктары боюнча карама-каршы мааниде да болуп калат. Ошондуктан, сырткы натыйжалуулук жактарына негизделген, жүрүм-турум бир далай формалдуу мүнөздөлөт.

Окуучунун аракеттеринин ички мазмунун ачбастан, бул сырткы, формалдуу жүрүм-турумунун мүнөзүнө карай ишин жүргүзгөн педагог, чындыгында, эмне жаратып жатканына маани бере бербейт. Окуучунун, сыртынан моралдык нормаларга, жүрүм-турум эрежелерине дал келген, натыйжалуу жүрүм-турум формалары талапка жооп бергени менен, мугалим окуучунун бул жагдайда аткарып жаткан тартибинин мотивдерин билбеген соң, окуучунун өзү жөнүндө, инсандык өзгөчөлүгү жөнүндө эч нерсе билбейт. Демек, мугалим баланын учурдагы жүрүм-турумунун чыныгы инсандык мотивин билбеген соң, анын келечектеги турмуштук жүрүм-турумун туура аныктап багыттай албайт. Ошондуктан андай мугалимге бала да, тарбиялык таасирлер да, тарбиялык таасирлердин натыйжалары да белгисиз болот. Педагогдун, баланын иш-аракетин багыттоочу жана уюштуруучу негизги каражаты бул туура тапшырма берүү.

Тапшырманын эффективдүүлүгүнө баланын ички аң-сезими менен кабыл алуусунун негизинде жетүүгө болот. Мындай натыйжа алууда, бала үчүн тапшырманын ички мазмуну жана маңызы көз каранды болгон, тиешелүү мотивация болгону зарыл. Педагогдор үчүн мотивдер менен тапшырмалардын өз ара байланыштары аркылуу берилген, иш-аракеттин психологиялык мазмунун билүүсүнүн маанилүү экендигин бөлүп көрсөтүү менен, педагог үчүн көнүмүш болгон, окуучулардын көңүл буруусун, эсте сактоосун, ойлонуусун ж. б. уюштуруу жөнүндөгү суроолорду унута албайбыз.

Окуучунун көңүл буруусун мобилизациялоо үчүн: "Көнүл бур!" деп кайра-кайра кайталоо жана жазалоо жетишсиз. Мында, баладагы, аткарууга ички аң-сезими менен кабыл алынган, кандайдыр бир тапшырманы аткаруу жана мотивдерди мобилизациялоо өзгөчөлүктөрүн аныктап, чакыруу керек. Ушундай эле абал эсте сактоо, эсте кармоо, ойлонуу талаптарына да туура келет. Демек, баланын окуу иш-аракетинин ар бир звеносу кандайдыр бир тапшырма менен багытталып, тигил же бул мотивдер аркылуу ишке ашуусу зарыл.

Иш-аракеттин ички психологиялык кыймылдаткычтарын ачуу жана пайдалана билүү педагог үчүн олуттуу мааниге ээ. Педагогика менен психологиянын өз ара байланышы жөнүндөгү суроону туура чечүүдө, өнүгүү менен окутуунун, өнүгүү менен тарбиялоонун өз ара байланыштары жөнүндөгү суроону чечүүгө келип такалат. Психологиялык изилдөөлөрдүн көптөгөн фактыларында жана жоболорунда өнүгүү менен тарбиялоонун биримдүүлүгү табылып, айкындалган. Бала өнүгүүдөгү тирүү организм, андагы байкалган ар бир кубулуш түзүлүү процессинде десе болот. Баланын биздин көз алдыбызда түрдүүчө болуп өзгөрүүсү тарбиялоо процессинин жүрүшүндө ишке ашат.

Өнүгүү менен окутуунун биримдиги, баланын өнүгүүсү ишаракеттин көптөгөн формаларында түзүлөт, себеби анда "үйрөнүү" жүрөт жана ал аркылуу балада инсандык сапаттар калыптанат. Аны менен педагогикалык таасирдин мүмкүнчүлүктөрү кеңейет, себеби баланын бардык иш-аракетине таасир берет. Чоңдордун, башкача айтканда мугалимдердин, ата-энелердин, коомчулуктун милдети бул, баланын бардык иш-аракети аны билимдештирүүчү жана тарбиялоочу, мүмкүнчүлүктөрду түзүү. С. Л. Рубинштейндин эмгегинин маңыздуулугу бул психология илими менен педагогика илиминин байланыштарын кароо менен өнүгүү менен тарбиялоонун, өнүгүү менен окутуунун байланыш өзгөчөлүктөрүн берүү аркылуу көрсөтө алуусу.

Бул маалымат психологдор үчүн да, педагогдор үчүн да негиздүү экендигин белгилөө зарыл. Алардын биргелешип иш алып баруусу жеке баланын инсан болуп калыптануусу үчүн гана мүмкүндүк түзбөстөн, бүтүндөй мамлекетке салым кошуулары анык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)