Рококо

Рококо (французча rococo) – XVIII кылымда негизинен Францияда, Людовик XVнин регенттик мезгилинде жана башкаруу учурунда өнүккөн стилисттик багыт. Р. көбүнчө аристократиянын көңүл ачууларында падыша сарайдагы шаан-шөкөттөр менен байланышкан жасалгалык стиль катары пайда болгон. районун таасир берүү сферасы абдан тар болгон жана анын түп тамыры элдик болбогондуктан, ал чыныгы улуттук стилге айлана алган эмес. Шайкелеңдик, жеңил көңүл ачуучулук, кесирдүү сулуулук – мына ушулардын баары Р-го мүнөздүү белгилер. Алар турмуштук буюмдар көркөм өнөрүндө жана архитектураны орнаменттик-жасалгалык мааниде түшүн­дүрүүдө берилген. Укмуштай чырмалышкан гирляндалардын, гүлдөрдүн, үлүлдөрдүн тармалдашкан орнаментикасы, жасалга, ойку-кайкы ийилген линиялар имараттын конструкциясын жаап-жашырып турат, сыпайы назик формалардагы эмерек, турмуш-тиричилик буюмдары өздөрүнүн негизги милдеттерине жооп бербей калышкан. Живописте Р. адепсиз түшүндүрүлгөн мифологиялык мотивдерди жайылткан, көбүрөөк «пастораль» менен «аша чапкан учурлар» сүрөттөлүшү орун алган. Р-го Ф. Буше менен Н. Ланкренин чыгармалары мүнөздүү, алар районун алар өкүлдөрүнө сыртынан гана окшош, ал эми иш жүзүндө чыгармаларында ирония, кылдат шылдыңдоону пайдаланган, ошону менен бирге чыныгы адамгерчиликти сактаган А. Ватто терең жана ири сүрөтчү болуп эсептелген. Р. стили менен байланыштуу, бирок чыгаан устаттардын бири О. Фрагонар Р. багытынын тематикасына реалисттик турмуштук жанрды киргизген. Р. стилинин кечирээк пайда болгон дагы бир түрү рокайль (французча rocaille – үлүл жасалгалары) болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)