Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ринит жана синусит

Баш барак | Ветеринария | Ринит жана синусит

Мурун көңдөйүнүн былжыр челинин жана жанаша жайгашкан синустардын сезгениши бардык канаттууларда кездешет, өзгөчө жаш төлдөрдө, жөжөлөрдө көп кездешет.

Оорунун себеби. Жөжөлөрдүн арасында бардык жөжөлөрдүн оорусунун келип чыгуу себеби өтө муздап кетиши, адарым желге (сквозняк) кабылышы болуп саналат. Канаттуулар туруучу жайдын (тоок кананын) чаңдашы, аммиактын көп өлчөмдө топтолушу жана абанын бактериялык булганышы.

Клиникалык белгилери. Мурунун тешигинен суюк илээшкек суюктук бөлүнүп чыгат да кургап карттанып мурундун тешигин бүтөп калат. Дем алуусу оорлойт, кээде ичке ышкырыктай үн чыгат, моюну сунулуу, тумшугу ачык. Кээ бир канаттууларда коньюнктивит өрчүйт, көздүн астындагы синустар шишийт.

Алдын алуу жана дарылоо. Негизинен алдын алуу жолу жаш төлдөрдү ташууда жана жөжөлөр туруучу жайдагы микро климаттын зоо гигиеналык нормада болушу талапка ылайык. Жаан чачында калып үшүп калган канаттууларды кургак, жылуу бөлмөгө жайгаштыруу чоң мааниге ээ.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 905, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу