Резина жана каучук

Түштүк Американын тропик токойлорунда жөнөкөй эле гевея дарагы өсөт. Анын кабыгын тилсе, каакымдын сүтүндөй ак, бирок коюураак суюктук чыгат. Аны чогултуп, күнгө кургатса, саргыч түстөгү илээшме, жабышкак масса пайда болот. Бул массадан перулук индейлер өтүк сымал бут кийим жасап, шүүдүрүмдө же жаанда кийишкен. Мындан 200 жылча мурда Перуга келген европалыктар мындай бут кийимди көрүп, анын сыйда эместигине карабай, өтө жактырышат. Анткени ал кезде Европада булгаарыдан гана бут кийим кийишкендиктен, албетте ал ным тарткан. Европалык саякатчылар гевеянын кургаган ширесин алып кете башташат. Аны индейлер каучук деп аташкан. Европада бул затка башкача ат беришет. Бардык эле чайырды англистер резина дешет, ал эми гиластын сагызындай илээшкек чайырды гумми деп аташат.

Ошентип гевеянын чайырын чоюлма резина же гуммиластик деп атап калышкан. Гуммиластиктен жасалган бут кийимди кадимки бут кийимдин сыртынан кийип алышкан, ошентип галош пайда болот. Бирок каучук бут кийим өтө ыңгайсыз эле. Ал ысыкта жумшап, суукта таштай катыган. Андан 100 жылдан кийин гана бышыгыраак материал алынды. Ал үчүн каучукка күкүрттүн күкүмүн кошуп, аралашманы катуу ысыткан. Аралашмага күкүрт канчалык көп кошулса, материал ошончолук ийилчээк болуп, ал турсун катуу зат алса да болгон, аны эбонит деп аташкан. Ал эми каучук менен күкүрттү кошуп, ысытып жасаган ийилчээк материал резина деп аталган.

Резинадан галош, плащ, өтүк, кайык өңдүү эң керектүү буюмдарды жасай башташат. 19-кылымдын аягында электр тогу пайдаланыла баштаганда резина жакшы изолятор катары токтон сактануу үчүн зарыл болду. Азыркы кезге чейин чоюлчаак резинаны электр өткөргүчтөргө капташат, ал эми эбониттен штепселдер, жарык өчүргүчтүн туткасы, электр тосмолору сыяктуу жана башкалар жасалат. Резина бара-бара тиричиликте көп колдонула баштады. Түштүк Америкада жана Индонезияда гевеянын эбегейсиз чоң плантациялары пайда болду.

Андан башка да каучук алынуучу өсүмдүктөр табылды. Бул кезде адамдар автомобилди ойлоп табышкан эле, ага резинадан жел толтурма дөңгөлөк жасалды. Ошентип, табигый каучук көп керектелип, жетпей калды. Эми химиктер жасалма каучук жасоого киришти. Алар адегенде табигый каучуктун курамын изилдеп көрүшүп, анан синтетикалык каучукту ойлоп табышты. Орус химиги С. В. Лебедев дүйнөдө биринчи болуп синтетикалык каучукту өнөр жайда даярдоонун жолун иштеп чыккан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)