Ревматизм

Ревматизм (кызыл жүгүрүк) — туташтырма ткандын, айрыкча жүрөк, муун, ошондой эле башка органдардын сезгениши менен мүнөздөлгөн инфекция аллергиялык оору. Көбүнчө балдар (7 — 15 жашка чейинки) ооруйт. 5 жашка чейинки балдарда жана улгайгандарда сейрек учурайт. Р-дин пайда болушунда кайталап кармаган стрептококк пайда кылуучу оору (ангина) жана стрептококкту өтө сезгичтик (Шилтеме: Аллергия) негизги ролду ойнойт. Оорунун күчөшүндө жана өтүшүндө бул факторлордон башка организмдин иммун системасынын бузулушу да чоң мааниге ээ. Ангина менен көп ооругандар Р-ге тез чалдыгары белгилүү. Сыз, ным жана суук өтүү түрткү бергендиктен Р. жылдын суук мезгилинде көп жолугат. Ал башталганда катуу кармайт: ангина менен ооруп айыккандан кийин 10—14 күн өткөндө дене кайра ысып, чыканак, кырк муун, тизе, кызыл ашык ооруйт, кызарат жана шишийт (Р. полиартрити). Р. полиартритинде анын белгилери көпкө сакталбайт, тез аранын ичинде бир муундан экинчисине өтүп (жүгүрүп) турат жана бул белгилер 10—12 күндө таптакыр жок болуп, муундун функциясы өз калыбына келет. Бирок бул айыккансып калган абал жүрөктү (булчуң жана сырткы катмарын, клапандарын) бузат.

Оорунун бул түрү ревмокардит деп аталат. Ревмокардитте төмөнкү белгилер байкалат: оорулуунун алы кетип, энтигет, жүрөктүн тушу ооруп, лакылдап согот. Андан ары оору күчөп отуруп жүрөк кемтигине келиши мүмкүн. Р. нерв системасын да бузушу мүмкүн (нейроревматизм). Бул учурда балдардын маанайы өзгөрүп, туталанат, унутчаак болуп, уйкусу бузулат.

Балдардын окуусу начарлайт, колу, буту шалактап, кыймылы бузулат жана булчуңу бошойт (Шилтеме: Хорея). Р. жогоруда айтылгандардан башка органдарга да (өпкө, боор, бөйрөк ж. 6.) таасир тийгизет. Бирок бардык эле муундун шишиши жана кызарышы Рдин, ал эми бардык эле жүрөктүн лакылдап согушу, жүрөк туштагы жагымсыз сезим ревмокардиттин белгиси болбойт. Ошондуктан врачтын текшерүүсү гана диагнозду тактайт. Врачка өз убагында кайрылып, диагнозун эрте тактоо натыйжалуу дарылоого жардам берет. Р-ди дарылоону врач жүргүзөт.

Оору катуу кармап турганда оорулууну сөзсүз ооруканага жаткыруу зарыл. Ооруканада Р-ге дарылоонун ылайыктуу ыкмаларын колдонуудан башка, оору адам врачтын айткан режимин толугу менен аткарышы маанилүү болуп эсептелет. Оору күчөп турганда 2—3 жумага же андан көп убакыт төшөктө жатуу керек. Ооруканадан чыккандан кийин кардиологиялык санаторийлерде, андан кийин поликлиника шартында дарылана берет. Оорулуу ооруканада жатканда эле айыктыруучу физкультура көнүгүүлөрүн жасай баштап, аны дарылоонун кийинки этаптарында улантат. Мындай оорулуунун тамагы витаминге, айрыкча С витаминине бай болушу керек; туз жана углеводдун өлчөмү чектелет.

Ошондой эле оорулуу диспансерлик каттоодо болуп, оорунун кабылдап кетишине каршы алдын алуу чаралары жүргүзүлөт. Мындан тышкары диспансерлерде аба жана суу менен дарылоо жолдору колдонулат. Р-ди алдын алууда организмди чыңдоо, физкультура, спорт жана санитария - гигиеналык чаралар колдонулат. Ангина менен ооругандарды өз убагында аныктап, аны натыйжалуу дарылоо маанилүү. Р. менен ооруган кишилер, балдар дайыма врачка көрүнүп, жыл бою же мезгил мезгили менен атайын дарыларды колдонуп туруулары зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)