Ретердация

Ретердация (латынча reterdatio — кармалуу, чегинүү) — эпикалык баяндоонун жүрүшүндө ага кошумча каармандарды кийирүү, лирикалык чегинүү жасоо, табиятты, үй жасалгасын, адат-салт расмисин сүрөттөө жана башкалар аркылуу окуянын өнүгүшүн акырындатуу. «Манас» эпосунда бул көркөм ыкма көп түрдүү жана кеңири колдонулат. Айрыкча Каныкейдин түшүнө, арманына байланышкан окуяларда мурдагы айтылып өткөн окуялар кайрадан кайталанып эскерилет да, ошол бойдон келки-келкиси менен айтылып же бир айрым урунттуу маанилүү сюжеттик бирдиктер кайра бир жолу баяндалуу жолу менен Р. түзүлө берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)