Репортаж

Репортаж (французча reportage – кабарлоо) – журналистикадагы кабарлоо жанры, автор өзү күбө болгон кандайдыр бир окуянын толугу менен ыкчам кабарланышы. ММКлардын түрүнө (басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу) жараша репортаждын материалы бири-биринен айырмалуу өзгөчө ыкмада берилип, фотосүрөттөр менен иллюстрацияланат. Басма сөздөгү репортаж – окуялуу жана тематикалуу болот, ошондой эле башка мезгилде өткөн окуялар бир темага бириктирилиши мүмкүндүк Радиодогу репортаж – окуяны толугу менен башынан аягына чейин баяндайт. Телекөрсөтүүдөгү репортажда экрандагы окуя комментарийленет. Ошондой эле репортаждын фотосүрөттөн да даярдалган түрү бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)