Рентгенография

Рентгенография — рентген нурларынын жардамы менен изилденүүчү орган же ткандын элесин рентген плёнкасына түшүрүү, рентген-диагностикасынын негизги ыкмасы.

Көбүнчө сөөк-булчуң системасынын абалын изилдөөдө колдонулат. Рентгенографияда сөөктөрдүн контуру, структурасы, бири-бирине карата жайгашышы так көрүнөт. Сөөктө бузулуу процесси жүргөндө анын контуру бузулат, структурасында өтө тыгыз же арасында ачылган жерлер билинет. Сынык сөөк контурунун өзгөрүүлөрү, сынган жерлердин бири-биринен жылып кеткени боюнча аныкталат. Рентгенография документ катары дарылоо мекемесинде сакталат жана кийинки же мурдагы изилдөөлөр менен салыштыруу үчүн керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)