Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Рентген нурлары

Рентген нурлары, рентген нурлануусу-толкун узундугу 10 ' 10 3А (10 12–10 5 см) болгон электр-магниттик иондоштуруучу нурлануу. 1895-жылы В. К. Рентген ачкан. Алгач аны Х-нурлары деп аташкан. Толкун узундугу Х<,2 А болсо – катуу, Х<,2 Е – жумшак рентген нурлары деп аталат. Рентген нурларынын электр-магниттик табиятын англиялык окумуштуулар Ж. Стокс, Ч. Баркла негиздеген. 1912-жылы М. Лауэ кристаллдын атомдук торчосунда рентген нурларынын дифракциясын байкаган. 1913-жылы орус физиги Г. В. Вульф жана англиялык физик У. Л. Брэгг тарабынан рентген нурларынын толкун узундугу менен дифракция бурчунун ортосундагы көз карандылык табылган. Рентген нурларын алгач рентген түтүктөрүндө алынган. Катоддон чыккан чоң ылдамдыктагы электрондун тормоздолушунан жана аноддун бетине урунуусунан рентген нурлары пайда болот. Рентген нурларынын булактары – айрым радиактивдүү изотоптор, синхротрондор, электрондорду топтогучтар, Күн жана түрдүү космос объектилери. Пайда болуу механизмине жараша алардын спектри үзгүлтүксүз жана тилкелүү болуп, эки түрдө кездешет. Рентген нурларынын зат менен аракеттенишүүсүндө фотоэффект кубулушу байкалат. Сүрөттөлүштөр атайын ренттен плёнкаларында алынат. Толкун узундугу түрдүү рентген нурлары иондоштургуч камера, сцинтилляциялык эсептегич, Гейгер-Мюллер эсептегичи, жарым өткөргүчтүү детекторлор аркылуу катталат. Рентген нурлары медицинада (рентгендиагностика, рентгениверситетерапия), дефектоскопияда, рентген структуралык анализде, рентген топографиясында, рентген микроскопиясында, рентген спектроскопиясында, рентген спектр анализинде, рентген астрономиясында колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)