Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ренат Юхан Густа

Ренат Юхан Густа (швед. Johan Gustaf Renat, 1682г.,Стокгольм, Швеция — 1744г.), швед армиясынын офицери, картограф, XVII к. Жунгариянынжана Чыгыш Түркстандын картасын өтө так чийгенге аракет жасаган эн алгачкы европалык өкүл. Теги жагынан голландиялык (Нидерланды) еврейлерден болгон Ренат Европага үстөмдүк жасоого умтулган швед королу Карл XII ге жалданып кызмат өтөөгө келген. Аскер адистиги замбирекчи болгон Ренат 1708-ж. Полтавадагы салгылашууда орустардын колуна туткун катары түшүп калат. Ренаттын тагдыры туткунга түшкөн 20 миң шведке байланып, Сибирдеги Тобольск чеби тарапка сүргүнгө айдалган (1711-ж.). 1716-ж. Ямыш чебинде курчоодо калган Букгольцтун колуна жардамга жөнөгөндөрдүн арасында Ренат да бар эле. Бул топту калмактар талкалап, колгон түшкөн Ренат жана башка шведдерди Кулжага жөнөтүшөт. Ренат калмак хандары Цэван Рабдан жана Галдан Цэренге 18 жыл кызмат өтөгөн. Тутукундагы башка шведдер жана орустар менен биргеликте калмактарга замбирек, ок-дары, мылтык жасай турган жана темир эритүүчү тоо-кен заводдорун куруп берген. Бул жардамы үчүн Жунгар ханынан эркиндик алып, кагмактарга келген орус элчиси Леонтий Угримов менен Москвага 1733-ж. келет. Ал туткунда жүрүп Бригитте Шерзенфельд аттуу швед аялга үйлөнган экен. Жунгар хандары убадасы боюнча Ренатка көп байлык жана үч күн айл тартуу этишкен. Алардын аттары Алтан, Яманкис (Жаманкыз) жана Сарой деп жазылган. 1739-ж. Швеция армиясынын капитаны чинине чейин кызмат өтөгөн. Анын Жунгария жана Чыгыш Түркстан боюнча чийген картасын узакка чейин эч ким билген эмес. 1878-ж. швел королунун китепканасынын жардамчысы болуп иштеген Ю.-А. Стриндберг бул карталардын көчүрмөлөрүн таап алып, аны Я. К. Грот аркылуу Россиянын ИРГОсуна жиберилет. Карта 1881-ж. А. И. Макшеев тарабынан жарыяланат. Он жылдан кийин карталардын түп нускалары Уппсала университетинен табылган. Карталар бүгүн ошол университетте сакталып турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)