Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рэкет жана рэкетчилик

Баш барак | Башкалар | Рэкет жана рэкетчилик

Коркутуулар, талап-тоноолор, шантаж – кандай аянычтуу болбосун бирок мунун баары Кыргызстан мектептерине тааныш, мектептерге эмес кээде анын сыртына да чыгып кетет десек ашык болбос. Бирок бизге башка суроо маанилүүрөк болуш керек, мисалы: эмнеге кемсинтүүлөргө, санаа тартууларга, стресске кабылып биздин балдарыбыз аны эч кимге айтпайт? Андай жаман жоруктан балдарды кантип сактоо керек?

Мектеп рэкетчилиги эмнеден келип чыгат?
Буга эки себеп бар. Биринчи себеп бул – начар жашаган үй-бүлөөнүн балдары. Бардыгын эле кызыктыргандай ар кандай буюмдардын күчтүү PR кызматкерлери тарабынан жасалган жарнамалар бул балдарды да кызыктырат, жана ал буюмдарды ата-энеси эч качан алып бербесине көздөрү жетет. Андай буюмдарга жетүү каалоосу андай өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка түртүшү мүмкүн. Экинчи себеп бул калктын жакшы жашаган катмарына тийиштүү. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдары каалагандарын ошол замат алышат. Мындай балдар каалаганына ошол замат жетип жүрүп, ошого көнүп алышат да, күндөрдүн биринде андай кыялдары орундалбай калса рэкет деген атка конуп калышы ыктымал. Каалоо буюмдарына жөнөкөй буюмдар, мисалы: уюлдук телефон, жаңы кийим жана башкалар болот, ошону менен бирге буюмдан башка нерсе да болушу мүмкүн, алар мисал үчүн: өзгөчө өздүк сапаттар, достук, сүйүү, көңүл жана башкалар. Бул жакшыраак варианты десек болот, ал эми эң начар варианты бул – жазыксыз бирөөнү кыйноо, кемсинтүү же шылдын кылуу мүмкүндүгү. Каалаган кыялдарына жетүү максатында мындай балдар “достук” мамилелерин акча-буюм мамилелерине айкалыштырып алат (дүйнөдө бардыгы сатылат жана сатып алууга болот). 10-15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасындагы сурамжылоо боюнча, жакшы жашаган үй-бүлөөнүн балдары ачык-айкын эле көңүл буруу же жактырууну сатып алгандары айкын болгон. Ал эми начар жашаган үй-бүлөөнүн балдары кандайдыр бир жыргалчылык үчүн өзүн сатууга (мисалы: кимдир бирөө экинчисинин үй-тапшырмасын аткарып, кимдир бирөө башканын сумка же башка буюмдарын көтөрүп, ошондой эле өзүнүн эч качан катышууга каалоосу жок кандайдыр бир окуяларга аралашышы мүмкүн). Жакшы кызмат үчүн жакшы үй-бүлөөнүн балдары же кызматчы баладан күчтүүрөөк келген бала же окуучу жанында чогу жүрүп, дискотекага барып, өз тегерегине киргизип, “авторитети” менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Начар үй-бүлөөнүн баласына же күчү азыраак балага мындай достуктун коркунучу, ал бала эки жүздүү болууну үйрөнүп, дайыма “жумшалып” жүрүп, өзүнүн кадыр-баркын жоготуп коет. Ал эми жакшы үй-бүлөөнүн баласынын коркунучу бул – “сен мага – мен сага” көз карашындагы мамилелер көп учурда көңүл калуулар, иренжүүлөр жана таарынычтар аңдып жүрөт. Анткени жакшы үй-бүлөөнүн баласы, анын айланасындагылардын ага болгон мамилелери анын капчыгынын чоңдугунан көз каранды экенин бат эле түшүнөт. Мындай учурда ата-энелерге айтып коюуу керек, эгер бала өзүнүн ийгиликтерин ата-энесинин акчалуулугуна көз каранды кылып алса, анда бала өзүнүн жеке максаттарын жоготуп коет. Баланы өзүнүн ийгилигин башка бирөөнүн ийгилигинен ажыратып билүүнү үйрөтүңүз.

Эмнеге рэкет деген сөздү укканда, көзүбүз көрбөй, кулагыбыз укпай калат?
Мектеп жетекчилигинин кайсы бир адамы менен “мектеп рэкети” темасына сүйлөшүп көрүү аракетин жасаганда, ал тема алар үчүн жабык экенин түшүнөбүз. Көңүлдөнбөстөн сүйлөшүп, ток этээр жерин талкулоодон качышып, балыктай болуп жылмышып чыгып кеткиси келет. Эмнеге? Жообу эң жөнөкөй! Балдарды кыйноо же кемсинтүү өзү эле ата-энелер же мугалимдер, деги эле чоң адамдар үчүн чыдамсыз же андай кыйноолорду ойлогусу да келбейт. Бирок дал ушул ата-энелер же мугалимдер биринчилерден мындайга жоопкерчиликтүү да. Ошондуктан, өзгөчө мектеп жетекчилиги болуп жаткан ишке көз жуумп же андай иштин деңгээлин төмөндөтүп айтууга аракет кылышат. А мектеп мүдүрлөрүчү? Мектеп мүдүрлөрү эң биринчи “мектептин кадыр-баркы” жөнүндө гана камсызданышат. Кандай кызык көрүнбөсүн, бирок кээ бир ата-энелер өз балдарын рэкетчиликтен сактоо максатында мындай маселеден четирээк болууга аракеттет, бирок бул эң туура эмес чечим. Андан тышкары ата-энелердин кайсы бир бөлүгү деп коёлу, өз балдарын колдоп, камкордугун көрсөтүп, маселени териштирүүнүн ордуна “Балким менин балама болгон башка окуучулардын андай мамилелери үчүн өзү күнөөлүү?” деген суроону өзүлөрүнө беришет. Мына ушундай шартта, ата-энелердин аз гана бөлүгү чечкиндүү кадамдарга барып, эбегейсиз кайраттуулукту талап кылган мектеп рэкетчилиги менен күрөшүүгө даяр.

Эмнеге мектеп рэкетчилигинин зордугуна бул же тигил окуучу кабылат?
Себептер ар кандай болушу мүмкүн. Мектеп рэкетчилигине кабылган окуучу мектепке жакшы кийим кийип келгендиги үчүн, жанына ар кандай кызыктуу буюмдарды алып жүргөнү үчүн жана экинчи окуучунун андайларга жете албастыгына көзү жетип, ал окуучунун жөн гана көрө албастык сезимдеринен биринчиси рэкетчиликке кабылат. Бирок көп учурда мындай окуялардан жоош, өзүнө ишеничи аз болгон, айланасындагылар менен жакшы мамиледе болгон окуучулар азап тартышат. Мындай окуучулар классында ошол заматта башкалардан айырмаланып көрүнүп калат. Жана кээ бир классташтары “Эгер сен мага бул же тигил нерсени алып келбесең, сени менен достошпойм же сени сабайм” деген сөздөрдү айтуу каалоосун ичине кармай албайт. Мындай учурда бала жалгыз калбоо максатында, суроо-талаптарды аткарууну туура көрөт. Өз айланасында “кысымга” көп дуушар болуучу окуучулардын тайпасына жоош, өзүнө ишеничи аз, санаалуу жана дайыма өзүн көзөмөлдөп жүргөн окуучулар экенин психологдор далилдешкен. Ошондой эле кээ бир балдарды ата-энелери “таш менен урса, аш менен ур” деген принципте тарбиялашкан. Мындай тарбия көргөн бала өзүнүн “мен” дегенин сыртка чыгара албай, кордук, кемсинтүүлөргө жооп кайтара албайт. Ал эми рэкетчилик, шартка ылайык физикалык күч колдонуу коркунучу менен түздөн-түз байланыш. Жана мындай кысымдарга жалгыз туруштук берүү же каршылык көрсөтүү үчүн балага эбегейсиз кайраттуулук керек. Албетте, баланы мушташууга, зөөкүр болууга үйрөтүүнүн кереги жок! Алтын ортосун табуу зарыл.

Эмнеге окуучу же бала арызданбайт?
Шартка ылайык, эгер бала же окуучу арызданса, рэкетир ойго келгис кыйноолор же өч алуулар менен коркутат. Жана бул кырдаалда баланы карама-каршылыктар санаага батырат: рэкетчиликке баш ийип жүрө берсемби же ата-энеге, мугалимге айтсамбы? – деп. Бирок көп учурда бала коркунуч, күнөөлүү болуу жана кандайдыр бир “кара тешикке” кирип кетээрин ойлоп, баарыбир жаш мафиозияларга баш ийүүсүн уланта берет.

Күч кубатына ишенүү менен бала же окуучу рэкетчиликке каршылык көрсөтө алабы?
Жок! бул дээрлик мүмкүн эмес, анткени рэкетчилик сабап кетүү менен эле коштолбостон, өзгөчө “зөөкүрлүк” менен, мисалы: өлтүрүп кетүү коркунучу же жакын туугандарынын (иниси, сиңдиси, карындашы, бөбөгү) шантажы менен да коштолот. Ошондуктан баланы “Баатыр” болуп, муштум менен “өзү гана” каршылык көрсөтүүгө үндөө же чакыруу бул чоң катачылык. Анткени, балага дайыма колдоо керек, балага ата-энесинин дайым жардам берүүгө даяр болгон камкордугун сезип туруусу зарыл.

Балдар менен рэкечилик жөнүндө жана рэкетчиликтин курмандыгы болуп калаары жөнүндө талкуулоолорду жүргүзүү кереги барбы?
Албетте! Алдын ала сүйлөшүп, талкуулап алуу керек жана балада “Эгер кимдир бирөө коркутуп-үркүтүп акча же кандайдыр бир буюмду талап кылса, сен сөзсүз бизге айт, анан биз аны менен өзүбүз сүйлөшөбүз” деген сыяктуу акылдардан эч качан күмөн болбошу зарыл. Ошол эле учурда балага “мыйзамдын” бар экенин эскертип туруу зарыл. Тилекке каршы көптөгөн окуучулар же балдар (ал гана эмес чоң адамдар) мыйзамдын окуу жайларына тиешеси жок деп ойлошот. Чынында ар бир адам мыйзамга баш ийүүсү зарыл, жашы жете элек “өспүрүм балдар-кыздар” да анын ичине кирет. Мыйзамды бузган адам, ал адам “бала” болсо дагы “өз жазасын алат”. Мунун баарын, урматтуу ата-энелер! Өз балдарыңыздарга айтып-түшүндүрүү Сиздердин парызыңыз.

Кээ бир ата-энелер баласынын рэкетчиликке кабылган жокбу деп буюмдарын текшеришет. Бул туурабы?
Көптөгөн адистер бул жөнүндө туура эмес деген ойдо. Анткени, бала өзү сүйлөгүдөй кылып, үй-бүлөөдө ишенимдин атмосферасын түзүү жакшы. Жана чечүүчү учурда балага абсолюттук жөлөк-таяк болуу зарыл. Башкача айтканда, баланын айтып жаткандарын олуттуу маселе катары кабыл алып, класстагы же мектептеги кырдаалды баамдап, аныктап, тактап келүү керек. Рэкетчиликке кабылганын айтып жаткан балага кынтыксыз ишенүү керек. Бирок бир нерсени да эстен чыгарбоо керек, анткени акчасын же буюмун жоготуп жиберип кээ бир балдар чындыкты айтуунун ордуна, күнөөнү башкалардын мойнуна салып коюууну туура көрөт. Же мындай учур да болушу мүмкүн: бала спорт кружогуна баргысы келбей, формасын уурдатып жибергендиги жөнүндө калп айтып коёт. Бирок бул Кыргызстан мектептеринде, Кыргыз менталитетине байланыштуу чанда-чанда гана болот. Ошондой болсо да мунун баарын эсиңерден чыгарбагыла.

Эгер чынында эле рэкетчилик болсочу?
Эгер окуя чын чыкса, ошол замат мындай иштер менен иштеген адамдарга билдирүү айкын: окуу жайдын жетекчилиги, өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкери, окуу бөлүмүнүн башчысы (завуч), ата-энелер комитети. Көптөгөн ата-энелер баласын башка окуу жайга которууну ойлошот. Бирок адистердин ою боюнча баланы биринчиден адилетсиздиктен коргоо зарыл. Андан соң гана, андай окуу жайда бала окуусун улантабы же жокбу, аны үй-бүлөө чечет эмесби.

Рэкетчиликке кабылган баланын башынан өткөргөн окуяларды жеңил көтөрүп, кайра муруңку абалына келүү үчүн эмне кылуу керек?
Баланы уят-сыйыт, коркунуч жана күнөө сезимдерин унутпоого үйрөтүү абзель. Антпесе, кийинчирээк бойго жеткен кезинде андай бала оңой эле рэкетирдин же рэкетирдин курмандыгына кабылган адамдын ролунда болуп калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бала өз башынан өткөргөн окуясын айтып түшүндүрүүгө мүмкүндүгү болуусу зарыл, жана эч ким ага “Болду! ал бүткөн иш” – деп айтпашы керек. Кандай болсо да, баланын башынан өткөн окуя анын эсинде көпкө чейин сакталат эмесби. Адилеттүү жана ачык-айкын сүйлөгөндү үйрөнгөн соң гана, мындай бала күн сайын өзүнүн муруңку кыйноочуларын оорчулуксуз көзүнө карай алат. Ушундай болгондо гана Сиздин балаңыз эми жакшы жүргөнүнө Силерде да ишенич жаралат.

Рэкетчиликке кабылган балдардын кээ бир мүнөздүү белгилери:
1.Үйдөгү жүрүш-турушу өзгөрөт: аз сүйлөп, түнт болуп калат.
2.Дайыма ар кандай шылтоолорду айтып мектептен качат: ичим ооруп жатат, башым ооруп атат.
3.Кырдаалдан качып кетүү адаты пайда болот. Башкача айтканда, кадимкидей эртең менен эрте туруп мектепке кетет, бирок мектепке жетпейт. Кечинде үйгө өз убагында келет, мектепте болгон кандайдыр бир окуяларды айтып берет, ал гана эмес үй-тапшырмаларын аткарат. Бирок ал андай эмес. Эгер ата-энелер баамчыл болбосо, мындай кырдаал абдан көпкө чейин созулушу мүмкүн.
4.Чөнтөк чыгымдары үчүн акчаны адаттагыдан көбүрөөк сурап, ал гана эмес кичинекей кан соргучтардын талаптарын канааттандыруу үчүн ата-эненин акчасын уурдашы мүмкүн.
5.Кээ бирөөлөр ички дүйнөсүнө чөмүлүп, муруңку достору менен да кездешпей калат. Кээ бирөөлөр өзүнөн кичүү балдарга агрессивдүү жоруктарын көрсөтө баштайт, анткени зордук-зомбулук, зордук-зомбулукту гана жаратат.
6.Көп учурда окуунун көрсөткүчтөрү төмөндөйт. Көңүл буруусу же ыкластыгы азайып, кичинекей эскертүүдөн ыйлап жиберет.
7.Жана эң башкы белги бул – баланын денесинде же бетинде көк тактардын, шишиктердин пайда болушу, жана ал тактардын эмне болуп пайда болгонун бала ачык жана байланыштырып айтып бере албайт.

Бул жазмада берилген маалыматтар балаңыздын мектеп рэкетинен сактоого өз жардамын көрсөтөт деген ойдобуз.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 23129, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу