Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Реюньон департаменти

Реюньон департаменти – Франциянын «деңиздеги алыскы регион-департаменти». Инди океанын түндүк бөлүгүндө жайгашкан жанар тоонун аракетинен пайда болгон арал. Маскарен аралдары тобуна кирет. Аянты 2,5 миң км2. Калкы 820 миң (2010), негизинен реюньондуктар, ошондой эле Түштү Азия келгиндери жана суахилилер да жашайт. Франциянын «деңиздеги алыскы департаменттери менен аймактарынын» ичинен калк эң көп отурукташкан арал. Административдик борбору – Сен-Дени. Расмий тили – француз тили. Акча бирдиги – евро. Аралды португалиялыктар 1513-жылы ачкан. 1638-жылы Индияга жол тарткан Сент-Алекеис кемеси аралга токтоп, король Людовик XIII «Франциянын ээлиги» деп жарыялаган. 1946-жылдан Франциянын департаменти. 1793-жылга чейин (расмий түрдө 1848-жылга чейин) Бурбон аралы аталган. Климаты тропиктик пассатык. Майдан декабрга чейин кургак жана салкын, ноябрдан майга чейин жаан-чачындуу жана ысык. Тез-тез кыйраткыч циклондор болуп турат. Аракеттеги Фурнез жанар тоосу (бийиктиги 2631 м) да коркунуч туудуруп келет. Эн бийик жери 3069 м (өчкөн Питон-де-Неж жанартоосу). Саванна, тропик токою өсөт. Бал камыш, кофе жана татымалдар өстүрүлөт. Реюньон департаментинин экономикасынын негизин айыл чарба, балык кармоо жана туризм түзөт. Бал камыш, ваниль өстүрүлөт (19-кылымдын орто ченине чейин негр кулдарды иштетишкен). Кант жана ром өндүрүшү иштейт. Башкы деңиз порту – Ле-Пор. Калкынын жашоо шарты өтө төмөн болуп, Франциянын финансылык жардамына күнкор. Реюньондо илим-изилдөө көрүнүктүү ролду ойнойт. Анда жайгашкан лаборатория менен метеорология станциясы бүтүндөй Инди океанындагы циклондук процесстерге көз салып турат. Экологиясынын уникалдуулугу менен өзгөчөлөнгөн аймактары бар жана биологиялык коруктар (аянты 7 миң га) уюштурулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)