Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Рефлекс

Рефлекс (латынча refleхus – чагылуу) – көркөм сүрөт искусствосунда – чагылган жарыкты пайдаланып жарык кылуунун натыйжасын сүрөткө түшүрүүнүн негизги элементтеринин бири. Асмандан же жарык чыгаруучу жакын турган предметтерден башка предметке же анын бир бөлүгүнө (көбүнчө көлөкөлөтүлгөн) жарыктын чагылыш натыйжасы да Р. деп аталат. Термин натурага кандай колдонулса, так эле ошондой анын сүрөттөлүшүнө да колдонулат. Живописте ал жарык шаңы менен тыгыз байланыштуу түстүк өзгөчөлүктөрдү да өз ичине камтыйт, к. Түр макаласын. кубулуштун бир жагын баса белгилеш үчүн түстүк Р-ны колдонушат. Сөз пайдалануу практикасында Р-ти дээрлик бардык учурда предметтин же сүрөттөөнүн көлөкө бөлүктөрү менен байланыштырышат, ал эми иш үстүндө термин алардын жарык бөлүктөрүнө да таандык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)