Речитатив

Речитатив (латынча recitare, италянча recitatio — үн чыгарып окуу, кырааты менен айтуу) — музыка өнөрүндөгү аваздык жанрларда колдонулуучу көркөм окууга жакын турган, эркин же так ритмдеги сабатмалуу речти обондоштуруу ыкмасынын бир түрү. «Музыкалаштырылган кеп» деген түшүнүк менен да мүнөздөлүп жүрөт. Р-дин эң негизги мааниси — сүйлөнгөн сөздүн маңызын, андагы эмоцияны, сезимди үндүн кубулушу менен ачып бере алгандыгы. Ошондуктан Р-ди «кырааттын искусствосу» («искусство интонаций») деп да коёт.

Дүйнөнүн көп элдеринин музыкалык фольклорунда Р. илгертен эле кеңири колдонулган. Айрыкча музыкалык эпосторду, балладаларды, былиналарды аткарууда Р. эң негизги көркөм каражат. Кийин профессионал музыкада «кантата», «оратория», «опера» жанрлары пайда болгондон Р. алардын да таасирдүү музыкалык каражаттарынын бири болуп калды.

Кыргыздын элдик көркөм өнөрүнүн чордонун музыкалык-поэтикалык синкреттик өнөр түзүп келгендиктен, Р. эң маанилүү жана кеңири колдонулуучу каражат, көркөм ыкманын бири болгон. «Кырааттуу сөз» — кыргыздын сөз өнөрүнүн (речь) өзгөчөлүгүн түзүп турган феномен. Бекеринен 19-кылымда келип, кыргыздардын куюлуштура сүйлөгөнүн биринчи жолу уккан европалык окумуштуулар алардын «сөздөрүнүн ырааттуулугуна» таң калышкан эмес. Улуттук маданиятта Р. акындардын чыгармачылыгында, «Манас» баш болгон эпостордо эң бийик жана көп түрдүү өнүгүүгө жетишкен. Поэтикалык сөз негизинин, ритмикалык агымынын тактыгы, дааналыгы, өзгөчө обондуулугу, ыргактуулугу кыргыз Р-инин өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Р-дин обондук турпаты ага өзөк болгон сөз тизмегине, чыгарманын мазмунуна гана эмес, көбүнесе Манасчынын (акындын) талантына, аткаруучулук дареметине байланыштуу. Маселен, улуу Манасчы Саякбай Карала уулунун, аткаруусунда эпостон Р-дин «миң түркүн» кубулушун кезиктирүүгө болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)