Реанимация

Реанимация (организмди тирилтүү) — өлүп бараткан адамды (организмди) тирилтүү үчүн жүргүзүлгөн комплекстүү чаралар. Ал чараларга жасалма дем алдыруу, мээнин кан айлануусун калыбына келтирүү, жүрөктүн фибрилляциясын токтотуу, ошондой эле дары менен дарылоо кирет. Р.— организмдеги жашоонун негизги функцияларын убактылуу калыбына келтирүү гана эмес, организм өзүн өзү толук башкарууга жеткенге чейин жасалма тейлеп башкаруу. Р. жүрөк күтүлбөгөн жерден токтоп калганда (мисалы, операция учурунда жүрөк реф - лектордук токтоп калганда, электр тогу таасир эткенде) жана аба жетпей калганда (муунтуудан, кекиртекке бир нерсе туруп калганда, былжыр же кусундунун бүдүрү менен какаганда, чагылган тийгенде же ток урганда, ууланганда жана башка), кан көп кеткенде, сууга чөккөндө, күйүктө жана башка учурда жүргүзүлөт. Кырсыкка учураганда же ооруганда киши дароо өлүмгө учурабайт. Ага чейин агония жана клиникалык өлүм абалында болот.

Агония учурунда аң-сезим караңгылап, жүрөк иши өтө бузулуп жана артерия басымы төмөн түшүп кетет (Шилтеме: Кан басымы), тамырдын согушу билинбейт, тери бозоруп муздайт. Агониядан кийин клиникалык өлүм болот. Бул учурда тиричилик белгилери (жүрөктүн согушу жана дем алуу) байкалбайт, бирок биологиялык өлүмгө мүнөздүү организмде кайталангыс өзгөрүүлөр боло элек болот. Клиникалык өлүм 3—8 минутага созулат. Ушул убакытта организмди тирилтүүгө аракет жасоо зарыл. Р-нын негизги методдору жасалма дем алдыруу жана жүрөк массажы болуп эсептелет. Жүрөккө кыйыр массаждын таасирдүүлүгү кол күчүнө байланыштуу.

Алаканды оорулуунун төш сөөгүнүн ылдыйкы жарымына коюп, аны омуртка түркүгүн көздөй 4—6 смден кем эмес ылдый-өйдө ныгырганда гана жүрөк карынчаларындагы канды жүрөк толтосуна, күрөө тамырларга айдоого шарт түзүлөт. Жүрөктү электр тогу менен дефибрилляция тез аранын ичинде (20—30 сек) жасалуусу тийиш. Оорулуу тириле баштаганда күрөө тамыр сого баштайт, карек кичирейип, өз алдынча дем алуу пайда болот. Р-нын андан аркы этабы оорукана шартында жүргүзүлөт. Азыркы Р. бөлүмдөрү атайын байкоочу системалар менен камсыз кылынган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)