Рахмонов Журахон

Журахон Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Жўрахон Раҳмонов, (1917-1977), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери.

Журахон Рахмонов 18 август 1917 жылы Ош шаарында кызматчыларды үй-бүлөсундө туулган. Ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери. 1937 жылы Ош театрыга артист болуп жумушка кирди. Ошондой эле Ош театрынын түзүүчүлөрү анын атасы Мадазимов Рахмонберди (1914 жылдан) жана анын бир тууганы Уринбой Рахмонов (1927 жылдан) болуп саналат. 1938 жылы Кызыл армиянын катарына чакырылган. кеңеш-фин согушунда, Ленинграддын курчоосун коргоосунда катышкан, 2-чи Белоруссия фронту 9-чи танк корпусу 95-чи танк бригадасында улук сержант болуп кызмат кылган. Россияны, Украинаны, Белоруссияны, Польшаны, Германияны бошотууда, Берлинны жана Рейхстагты алууда катышкан. "Ата Мекендик согуштун" II даражадагы ордени (буйрук 9-ТК № 015/п 23 август 1943 жыл), ошондой эле көп сандаган медалдар менен сыйланган.

Согуш аяктагандан кийин Журахон Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрына жумушка кайтып келди жана өмүрүнүн аягына чейин ал жерде артист болуп иштеди, театрда жана кинода жүздөн ашык ролдорду ойноду. Театралдык жамаатынын жана Журахон Рахмоновдун чыгармачылык көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң ролду ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовтун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвтун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдын "Добул", Насриддин Байтемировтун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.

14-25 октябрь 1958 жылы Журахон Рахмонов Ош өзбек драма театрынын жамааты менен бирге Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство Кундорундо катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В. И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан.

Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулду) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку кеңеши Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды.

Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан. Журахон Рахмонов күлкүлүү жана трагедиялуу ролдорду ойногон актёр болчу, жүздөн ашык ролдорду ойногон. Анын көпчүлүк күлкүлүү сүйлөөлөру жана кырдаалдары жазуучу Абдугани Абдугафуровтун күлкүлүү пьесаларында жана анын 2000 жылы чыгарылган "Оштун көрүнүктүү инсандары" китебинде, "Муштум" журналында жарыяланды. Драматург Абдугани Абдугафуровтун 2010 жылы чыгарылган "Ош академиялык театры" китебинде Бабур атындагы Ош театрынын чыгармачылык ишинде Журахон Рахмоновтун сиңирген эмгеги чагылдырылган.

Журахон Рахмоновтун Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүгүшүнө чоң салым кошкон сиңирген эмгеги Кыргыз ССРынын жетекчилиги тарабынан эске алынып, ал көп жолу сыйланды, Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши Президиумунун (1968 жана 1974 жылдары) эки ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан тарыхында бул ардак грамота менен эки жолу сыйланган бир нече көрүнүктүү көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлер гана бар.

Журахон Рахмонов 7 апрель 1977 жылы каза болду жана ал Ош шаарында көмүүлдү. Анын көмүү чарасында, Ош обком партиясынын биринчи катчысы Султан Ибраимов жана Ош шаардык аткаруу комитетинын жетекчилери катышты жана коштошуу сөздорун айтышты.

Атасы - Рахмонберди ажы Мадазимов (1875-1933)- Кыргызстан түштүгүндө театралдык кыймылдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын алгачкы негиздөөчүсү жана биринчи көркөм жетекчиси, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Бибихон (1884-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн. Жубайы-Ойимхон (1929—1997). Балдары: Анзиратхон (1951-2015), Муяссархон (1955), Санжарбек ажы (1959—2012), Минурахон (1962), Муаззамхон (1964), Анвар (1969—2004).

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)