Рахмонов Уринбой

Уринбой Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Ўринбой Раҳмонов, (1910-1980), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын.

Уринбой Рахмонов 4 март 1910 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылынын негиздөөчүсү болчу, Ош шаарынын театрынын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, революционер, басмачылык менен күрөштү активдүү катышуучусу болгон. Уринбой Рахмонов 17 жашга толгондо, ал 1927 жылы өзүнүн чыгармачылыгын Ош театрында баштаган. Ош драма театрында артист болуп иштеген, мындан тышкары, театрды калыптануу жана уюштуруу оор жылдарда кошумча он кызмат ордун аткарган: режиссер жардамчысы, драматург, обончу, музыкант, суфлер, сүрөтчү, гримёр, ырчы, акын, ал чакан пьесалар жана обондор учун ырлар жазган. Ошол обондорга Кыргыз ССРинин эл артисти, биринчи аял бийчи Розия Муминова бийлеген.

1934 жылы театр жамаатын курамында Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышкан. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөру театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты, ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулдуу. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт беришти. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды, ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С. М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С. М Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы театрге С. М. Кировтын аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевтын чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларыне концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевтын, артисттер Уринбой Рахмоновтын, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовтын, Ж. Исраиловтын чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы Уринбой Рахмонов театр курамында Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М. И. Калинин менен жолукту.

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон. Театралдык жамаатынын жана Уринбой Рахмоновтун чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвтун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршидтын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду.

Уринбой Рахмонов 1949-1952 жылдары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинын жооптуу катчысы, 1952-1965 жылдары Кызыл-Кыштак айылында почтанын башчысы болуп иштеген. 1965 жылдан соода системасында иштеген. Бирок, 1949 жылы ал театрдан жумуштан кеткен болсо да, буга карабастан 1958 жылгача штаттан тышкары, жумуштан кийин театрда башкы жана эпизодик ролдорду ойноду. Көрүүчүлөр жана сынчылар ал аткарган "5 сомдук келин" драмасындагы ата, немец офицеринын жана башка чыгармалардагы ойногон башкы ролдорун белгилеп кетишкен. Уринбой Рахмоновтун Ош театрынын түзүүгө жана искусствого кызмат кылууга сиңирген эмгеги 2010 жылы чыккан Абдугани Абдугафуровтун "Ош академик театры" китебинде 1 жана 3-беттеринде чагылдырылган, 42 бетте 1940 жылдагы театр афишасынын актёрлор тизмесинде № 19 астында анын аты жана фамилиясы көрсөтүлгөн. Бош убактысында ал озу туулган жана өмүрүнүн аягына чейин жащшаган Ош шаарыны жана Сулайман-Тоону атагын чыгарган ырларды жазган. Анын көпчүлүк туугандары искусство жана маданият ишмерлери болуу себеби, акын Ходжаназар Хувайдо (1704-1780) алардын тууганы. Уринбой Рахмонов карылык убагында Ош шаарындагы Сулайман-Тоосунда жайгашкан Бабурдун уйун карачу жана аны жайлуу кылды. Сулайман-Тоосуна качан көтөрүлгөндө ар жолу, ал өзу менен эки челек сууну алып жана өзу отургузгон дарактарды сугарган. Көп ырлары гезиттерде жарыяланган. 12 баланы тарбиялады. Улук уулу Дилдорбек ажы эле Киров атындагы Ош драма театрында иштеди жана эки кинофильмда эпизодик роль ойногон. Башка уулу Дарвишбек палван Рахмоновда жашоосун искусствого кызмат кылууга багыштады жана ал Өзбекстандагы "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирктик труппанын көркөм жетекчиси болуп иштейт.

Атасы - Рахмонберди ажы Мадазимов (1875-1933)- Кыргызстан түштүгүндө театралдык кыймылдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү жана биринчи көркөм жетекчиси, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Бибихон (1884-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн. Жубайы - Турсунхон Туйчибоева (1918—1954). Балдары: Дилдорбек ажы (1941), Дилоромхон (1943), Давлатбек (1949—2006), Дарвишбек (1952), Бахридилхон (1954), Донишбек (1957), Дилфузахон (1960), Сталин (1962), Махфузахон (1964), Дилрабо (1971).

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)