Рахмонов Дилдорбек Уринбоевич

Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Дилдорбек Раҳмонов), (1941), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын артисти, театралдык ишмер, акын, журналист.

Дилдорбек Рахмонов 11 март 1941 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүсү жана артисти болгон.

Дилдорбек ажы Рахмонов атасын жолун жолдооду, маданият жана искусство ишине кызмат кылды. 1960-1963 жылдары кеңештик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ош политехникалык институтун аяктаган. 1963-1993 жылдары айдоочу, театр артисти, улук методист, мастер, прораб, ПТО инженери, кампалар башчысы, башкы инженер, фотокорреспондент, элдик контролёр болуп иштеген.

1993-2002 жылдары жеке бизнес менен шугулданган. 2002 жылдан пенсионер. Дилдорбек Рахмонов Ош шаарынын байыркы тарыхына жана анын тургундарына арналган 50 тан ашык макалаларын жана ырларын гезиттерде жарыялаган. Бош убагында ыр жазат. Дилдорбек Рахмонов эки кинофильмде эки эпизодик роль ойногон: "Көчө" кинофильмде («Кыргызфильм» киностудиясы, 1972 жыл) жана өзбек карыяны эпизодик ролу "Курманжан датка" кинофильмде («Кыргызфильм» киностудиясы, 2014 жыл, режиссёр Садык Шер-Нияз).

Дилдорбек Рахмановтын Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын сахнасында чыгармачылык ишмердиги (1957-1958, 1963-1968 жылдар). Көптөгөн башкы жана эпизодик ролдор ойногон, анын ичинен көрүүчүлөргө жана сынчыларга жаккан жана алардын алкышын алган төмөнкүдөй анын ролдору: К. Яшиндын "Равшан менен Зулхумор"до кабарчы, Шекспирдын "Отелло"сундо 1 сенатор, А. Абдугафуровтун "Алданган кыз"да Гани башкы ролу, "Өкүнүч"да башкы ролу, Ш. Саъдулланын "Ёрилтош"ида аскер башчысы, Т. Сабировдун "Орзигул", И. Акрамовдун "Адолат", Хуршидтын "Фархад менен Ширин", А. Навоинын "Лейли менен Меджнун", "Тахир менен Зухра", жазуучу Аваз Утардын пьесалары боюнча спектаклларда жана башка көптөгөн ролдорду ойногон жана көптөгөн концерттик программаларда катышкан. Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. үйлөнгөн, анын 3 уулу жана 3 кызы, 22 небереси, 3 чөбүрөсү бар.

Атасы - Уринбой Рахмонов (1910-1980)- Кыргызстан түштүгүнда Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (1918—1954). Жубайы - Матлюбахон Умарова (1952). Балдары: Диляфруз (1971), Дилмурод (1973), Наргиза (1976), Насимий, (1978), Дониёр (1982), Нозима (1985)

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)