Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Рахман уулу Бекмырза

Рахман уулу Бекмырза (1962-2008) - жазуучу, акын жана сүрөтчү. Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында 1962-жылы 19-октябрда туулган. 1979-жылы Жусуп Мамыр атындагы орто мектепти, 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

1984-1991-жж. Баткен районунун "Чек" жана "Ленин" орто мектептеринде мугалим, класстан тышкары иштер боюнча директордун орун басары, 1994-жылы "Чалкан" журналынын башкы редактору, 1995-жылы "Күлкү" жана "Сүйүү" гезиттеринде башкы редактор, 1997-жылы "Аалам" гезитинде редактордун орун басары, 1998-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун Көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда кабарчы болуп иштеген.

Анын чыгармалары райондук «Коммунизм үчүн» гезитине ырлары, макалалары басылып, студенттик кезде облустук, республикалык гезит, журналдарда жарыяланган.

Ал "Сен сүйгөн обон", "Кадыр түн", "Таңшы обон", "Сезим кайрыктары" сыяктуу обондуу ырлардын жыйнактарын түзүп, басмадан чыгарган.

Б. Рахман уулу "Сүйүү", "Күлкү" гезиттеринин уюштуруучусу жана редактору болгон. Мындан сырткары "Өрүк кыз", "Жубайыма", "Бир тал чач" ж. б. ондон ашык обондуу ырларды да жараткан.

2003-жылы тарткан сүрөттөрү боюнча Сүрөтчүлөр союзунан "Мыкты сүрөтчү-карикатурист" диплому менен сыйланган.

2005-жылы "Түгөлбай Ата" коомунун сыйлыгын алган.

Күн жүрүш: Ырлар жана пародиялар. – Б.: Элпек, 1999. – 94 б.

Министрдин кызынын махабаты: Роман. – Б.: Фест, 2002, 2003, 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009. – 200 б.

Балекеттүү "Байтал" базар: Детектив. – Б.: Фест, 2002, 2007, 2008. – 109 б.

Алайдан чыккан атактуу ууз. – Б.: Фест, 2002. – 85 б.

Куйкум сөздүү куудулдар. – Б.: Фест, 2002. – 111 б.

Рэкет: Аңгемелер, повесть. - Б.: Фиеста-Бланка, 2002. – 150 б.

Төрөбек балбан: Тарыхый повесть. – Б.: Фест, 2003. – 147 б.

Негр бала, атаң кайда?.. Детектив. – Б.: Фест, 2004, 2007, 2008. – 223 б.

Кытайдан качкан келин. Повесть. – Б.: Фиеста-Бланка, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009. – 157 б.

Моджахеддин кайгысы. Повесть. – Б.: Фест, 2006. – 126 б.

Камчы сап жана казына. Балдар үчүн жомоктор. – Б.: Фест, 2004, 2005, 2006, 2007, 2008. – 45 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)