Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рахимова Магрифа

Баш барак | Биографиялар | Рахимова Магрифа

Рахимова Магрифа(1929-жылыт., Жети-Өгүз району, Челпек айылы) - тарыхчы, педагогикалык илимдеринин доктору (1980), профессор (1982). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиң. ишмери (1990), Эл аралык педагогика илимдер академиясынын академиги (1995; корр. мүчөсү, 1993). КМУнун тарых факультетин бүтүргөн (1950). 1951—54-жылы КМУнун педагогикалык жана психология кафедрасында ассистент, 1954—67-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогикалык жана психология кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1968—81-жылы ошол эле институттун педагогикалык факультетинде (сырттан окуу бөлүмү боюнча) декан. 1981-жылдан педагогикалык кафедрасынын башчысы. Р-нын илимий эмгектери Кырг-нда мектепке чейин тарбиялоонун тарыхына жана өнүгүү проблемасына (анын ичинде улуттук балдар бакчаларында тарбиялоого) арналган. 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография жана окуу китептери) автору. Жогорку мектептин (1973), Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1974).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1076, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу