Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Рафатов Рамиз

Рафатов Рамиз (20. 2. 1939-жылы туулган, Грузия, Ахальцихский району, Чарал айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (1995). КМУну (1962), ФПИнин аспирантурасын (1965) бүткөн. ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1965), КТУда профессор, КРСУда профессор, кафедра башчысы, Фират университетинде (Түркия, Элазыг шаары) профессор, 2001-жылдан «Манас» университетинин Табигый илимдер институтунда директор. Оптималдуу системалар, дифференциалдык теңдемелердин математикалык теориялар жана математикалык физика тармагы боюнча адис 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 14 окуу-методикалык куралы жарык көргөн. Эмгектери: Математические методы оптимизации продессов теплопроводности и диффузии (в соавторстве). Ф., 1972, Условия оптимальности в проблеме минимизадии загрязнений частицами вредных примесей в атмосфере с помощью принципа максимума при точечном управлении объектом. Б., 2001.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)