Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Радио

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Радио

Радио - заманга залкар иш аткарып, адамдардын көзү, кулагы болуп берген, тунук акыл-эстен жаралган керемет көрүнүш. Күнүгө эртең менен Бишкектен кыргыз радиосу ишин баштайт. Адамдар телеграфсыз жана гезитсиз эле бир мезгилде жаңылыктар менен таанышып, радионун жардамы менен миңдеген чакырым аралыктагы адамдар бири-бири менен бир бөлмөдө отургандай сүйлөшө алышат. Үндү мындай алыстыкка өзгөчө аппараттар - радио бергич жана радиокабылдагычтар жеткирет. Радио бергичте сөз, музыка - бардык үндөр толкундарга - радио толкундарга айланат. Радиобергичтин антеннасы радио толкундарды обого таратат.

Бул толкундар жарыктын ылдамдыгы менен атмосферада, ошондой эле космостогу абасыз мейкиндикте тез тарайт, жыгач, айнек, таш да ага тоскоол боло албайт. Радио толкундар кезигишсе кошулуп кетпейт. Радиокабылдагыч антеннанын жардамы менен радиотолкундарды кармайт. Аларды күчөтүп кайрадан сөзгө, музыкага жана башка добуштарга айландырат. Радиого өткөргүч керектелбейт, аны чексиз көп киши уга алат, алыскы аралык ага тоскоол болбойт. Ошол себептен радио үгүт-насыяттын массалык каражатына айланды. Силер, телевизор - радио кабылдагычтын бөбөгү экенин билесиңерби?

Анткени телекөрсөтүүлөр да радио толкундардын жардамы менен жеткирилет. Жарык жана үн сыяктуу эле радио толкундар да тоскоолго учураганда аздыр-көптүр кайра чагылат. Кайра чагылган толкундарга жараша анын кандай тоскоолдукка урунганын, өлчөмүн билүүгө болот. Ушунун негизинде радиолакация - алыстагы көзгө көрүнбөгөн нерселерди радио толкундардын жардамы менен кармоо ыкмасы келип чыккан. Радиолокатор түн ичинде, туманда деле көз көрбөгөн нерселерди көрөт.

Деңиздеги кемелер эми айсберг менен кагылышпайт. Мындан жарым кылым мурда жүргүнчүлөрдү ташуучу Титаник параходу Атлантика океанында сүзүп баратып, айсберг менен кагышып, кыйраганын уккан чыгарсыңар, ал эми Титаниктин кинофильмин көрбөгөн адам жок го. Учкуч жыш булутту камырабай аралап, учагын айдайт. Радио толкундар биздин асмандагы чек арабызды ишенимдүү коргойт. Инженерлер миллиондогон чакырым алыстан машиналардын ишин белги-команда берип башкарат. Луноход да, Чолпонго жана Марска кондурулган планета аралык автоматтык станциялар да ушундайча башкарылган. Көбүнчө адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган жерлерге орнотулган машиналар радио менен башкарылып иштетилет.

Адамзаттын алдыңкы акыл-эсин, билимдин бийик деңгээлин XIX кылымда эле далилдеген А. С. Поповдун ысымы унутулбаш керек. Радио - акыл-эстин жарчысы!

Сайтка жарнама жайгаштыруу