Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Пунктирдик машина

Пунктирдик машина, пунктирдик алкак (латынча punctum) – скульпторлук технологиясында – негизинен скульптуралык түп нусканы так көчүрүүдө пропорциялар менен көлөмдү текшерүү үчүн колдонулуучу анча татаал эмес иш куралы. П. М-нын аракети берилген (белгиленген) үч чекит боюнча төртүнчү чекитти аныктоочу стереометриялык принципке негизделет. Бул куралды түп нусканын алдына орнотуу менен жылып жүрүүчү өзөктүн учу менен берилген чекиттин ордун табышат (мисалы, көздүн жаш турган баштыкчасын), көчүрмөдөн ушул чекиттин ордун аныктап табышат да, куралды ага көчүрүшөт. П. М-ны көпчүлүк учурда ташка гипстик түп нусканы кайра түшүрүүдө жана көчүрмөнү алууда колдонушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)