Психология илиминин изилдөө методологиясы жана методдору

Азыркы учурда психология илиминде адамды изилдөөдө эки методологиялык мамиле түзүлгөн, бул табигый илимий жана гуманитардык же болбосо психотехникалык. Табигый илимий мамиледе болуп жаткандардын чыныгы сүрөттөмөсүн түзүүгө, жаратылыштын объективдүү, жалпыланган мыйзамдарын таанып-билүүгө багытталган. Мындай изилдөөдө психолог болуп жаткандарга таасир эте албайт. Гуманитардык мамиледе адамдык жаратылыштын маңыздуу жактарына концентрацияланган, башкача айтканда баалуулуктарына, эркиндикке, жоопкерчиликтүүлүккө. Мындай мамиле үчүн психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдү жана фактыларды гана түшүнүү эмес, адамдын ошол фактыларга болгон көз карашы, мамилеси негиздүү.

Гуманитардык таанып-билүүдө жалпы мыйзам ченемдуүлүктөрүн аныктоо менен индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталатфГуманитардык мамиледе адамдын жашоосундагы татаалдык, карама-каршылыкжана өзгөрүүчүлүк боло турган нерсе катары кабыл алынат. Педагогикалык психологиянын методцору баланын өнүгүүсүн (мүнөздөөчү окутуу жана тарбиялоо иш-аракетиндеги фактьшарды ачып берүүнүн жолу Тарбиячынын жана мугалимдин маалыматтарынан баланын өнүгүүсү жөнүндө факт катары алууга болот. Бирок мындай фактылар тактыгы менен мүнөздөлбөйт. Ошондуктан фактылардын тактыгы, толуктугу илимий негизделгендиги маанилүү. Илимий, так фактылар изилдөөчү тарабынан текшерилип алынат.

Өнүгүүгө тиешелүү фактыларды ар кандай жаш курактагы балдардын өзгөчөлүгүн салыштыруу менен гана алууга болот. Белгиленген милдеттерди чечүүдө баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө педагогикалык психология жалпы психологиянын метРДДорун ыңгайлаштырып пайдаланат. Учурдагы педагогикалык психологиянын калыптанышы гуманитардык идеалардын илимийлиги менен, окутуу жана тарбиялоо шартында уникалдуу руханий түзүлүш катары, адамдын жашоого ийкемдуү, өз алдынча калыптанууга багытталуусу менен аныкталат. Педагогикалык психологаяньшметодологиясында негизги бир нече принциптерди белгилөөгө болот. Социалдык максатка ылайыктуулуктун принциби.

Педагогикалык психологиянын өнүгүүсү, кандайдыр бир теориянын жана практиканын кыймыл-аракеттерин социалдык максатка ылайыктуулугун аныктаган, билим берүү системасында жана (бүтүндөй коомдо кабыл алынган, социалдык баалуулуктардын жана күтүүлөрдүн системасы менен шартталат. Азыркы учурда, өз алдынча өнүгүү максаттарын аныктап жана турмушка ашыруучу жана коомдун өнүгүүсүнө умтулуучу инсандарга өз алдынча тарбияланууга демилге берүүчү, билим берүү системасын түзүү социалдык максатка ылайыктуу болуп турат. Педагогикалык психологиянын изилдөө предмети болуп калган, кандай гана психикалык кубулуш же систеМа болбосун эки деңгээлден турган социалдык максаттын ылайыктуулугуна карай анализделинет: -адаптациялык деңгээл. Мында өзүнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу менен субъекттин индивидуалдуу жүрүм-турум нормалары коомдун талабына каршылык көрсөтбөйт; -өзүн жана коомду кайра кубултуу деңгээли.

Бул учурда адамдын өзүн жана бүтүндөй коомдук прогресстин өнүгүүсүнө түрткү болуучу жаңы коомдук-тарыхый форманы түзүүнү билдирет.Баланын жана чоңкишилердин психикасынын өнүгүүсүн тааныпбилүүдө объективдүүлүк принциби. Мында изилдөөчү болуп жаткан продесстерди субъективдүү көз караш менен карабастан болгонду болгондой көрө билүүсү зарыл. Изилдөөдө экономикалык, этникалык, социалдык, саясий, индивидуалдык өзгөчөлүктөрдүэске алуу абзел.

Психика менен иш-аракет биримдүүлүк принциби. Бул принципте негизинен баланын психикалык өнүгүүсү менен башкы иш-аракеттин биримдүүлүгү эске алынат. Иш-аракеттин баланын психикасына болгон таасирин жана баланын психикалык өнүгүү деңгээлин иш-аракет аркылуу изилдөөнү Д. Б. Элькониндин, В. ВДавыдовдун жана башкалардын эмгектеринен көрүүгө болот.

Теория менен практиканын биримдүүлүк принциби. Теориялыкжана эксперименталдык изилдөөлөрдужүргүзүүдө жана анын натыйжаларын баалоонун критерии катары, педагогикалык психология үчүн практика негизги булак болуп саналат. Психологиялык-педагогикалык теория жана практика бири бири менен тыгыз байланышта болуп, бири бирине таасир этишет.

Педагогикалык психологиянын теориясы менен практикасынын өз ара аракеттешүүсүн уюштурууда үч маанилүү суроолорду бөлүүгө болот: Эмне үчүн? Адамдын жаңы психологиялык билимдерди колдонуусунда маанилүү уюштуруучулук негиздерди издөө. Б. а. адамды жаңы билимдер менен жана психолог менен болгон жагдайлар коомуна тартуу, жаңы билимдердеги инсандык маанилүү.

пүккө ээ болуу, кийинки кайра кубулууларды өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу. Эмне? Психологиялык таасирдин максатын аныктоо. Мында адамдын жаратылышын жана өнүгүүсүн түшүнүү менен иш алып баруу. Кандай?

Колдонулган психотехникалардын эффективдүүлүгүн баалоо. Же болбосо, колдонгон таасирлердин максаттуулугу, психологдун таасиринин мүнөзү, психологдун кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү таасиринин натыйжасы ж. б. Детерминадия принциби, башкача айтканда психикалык аракетте ички жана сырткы шарттарды салыштырууда негизги таасир берүүчү факторлордон болуп, баланын баш мээсинин жана нерв системасынын калыптануу деңгээли жана баланын ар бир курактык мезгилде өнүгүү деңгээли эсептелинет. Детерминизм принциби изилденүүчү предметтин өтүп кеткен жана боло турган жагдайларын жана жашоого болгон мамилесинин өз ара байланыштарын тактап, чөйрөнүн кандайдыр бир таасирлерин эске алуу менен анын кийинки жүрүм-лурумдарын болжолдоого мүмкүндүк берет.

Педагогикалык психологиянын изилдөөсүндө детерминациялоо эки типте ишке ашат: каузалдык детертинация, максаттык детеминацш. Өнүгүү принциби же болбосо индивиддин филогенезде жана онтогенезде өнүгүүсүн эске алуу. Адамдын психикалык өзгөчөлүктөрүн, механизмдерин изилдөөдө жогоруда айтылган принциптерге таянуу менен же болбосо психологиянын методологиясына таянуу менен педагогикалык психологиянын методдору колдонулат.

Баланын өнүгүүсүн билүү эки негизги формада өтөт. Биринчи Узатасынан изилдөө" формасы. Узатасынан изилдөөдө бир эле баланын өнүгүүсү системалуу түрдө жашоосунун белгилүү учурувда изилденет. Мьшда баланын бир стадиядан экинчи стадияга өтүүсүндө психикасындагы өзгөрүүлөрдү билүү милдети белгиленет. Дайыма жүргүзүлгөн изилдөөлөр балага күндөлүк байкоонун жазуу формасында берилет, бирок мунун да жетишпеген жактары болот.

Узатасынан изилдөөдө бир эле баланын же бир группадагы балдардын өнүгүүсүн изилдеп таанып-билишет. Мындай изилдөө узак убакыттагы эмгектенүүнү талап кылат. Бул экспериментти уюштуруп өткөрүүдө айрым кыйынчылыкты жаратат. Экинчи формасы изилдөөдө "бөлүү" методу менен көптөгөн илимий материалдар жыйналат.

А. Н. Леонтьев эстин өнүгүүсүн "туурасынан бөлүү" каражатын пайдалануу менен изилдеген. Бирок бул методду пайдаланып изилдөөнүн айрым кемчилдиктери бар. Педагогикалык психологиянын бардык теориялык жана практикалык таасирлердин максаты бул билим берүү прбцессинин катышуучуларын өнүктүрүү жйна калыптандыруу. Кандай гана кубулуш же процесс болбосун өнүгүү жана калыптануу учурун окупүйрөтөт.

Билим берүүнүн жана тарбиялоонун эффективдүү системасы үч типтүү өнүгүүнү өзүнө камтыйт бул өсүү жана жетилүү, калыптануу, кайра кубулуу. Байкоо методу. Байкоо методу курактык өнүгүү психологиясындай эле, педагогикалык психологиянын да негизги методцорунун бири.

Биринчиден, байкоону өткөргөнгө чейин анын максаты так белгиленет, башкача айтканда иш-аракеттин кайсы жактарын же баланын кандай өзгөчөлүгүн байкоо зарыд Мындай максат белгиленбесе изилдөөнү уюштуруп өткөрүү мүмкүн эмес. Экинчиден, байкоонун объективдүүлүгү. Байкоону өткөргөн учурда тажрыйбанын жетишсиздиги баланын окутуу жана тарбиялоо процессиндеги абалын шшмий түрдө чагылдырууга кыйынчылыкты пайда кылат. Үчүнчүдөн, байкоо системалуу түрдө өткөрүлүүгө тийиш, мьшдай шартта баланын өнүгүү процессин мүнөздөгөн так маалымат жыйноого болот. Төртүнчүдөн, байкоонун балага билгизбей уюштуруп өткөрүү зарыл.

Мындай болбогондо анын жүрүм-туруму өзгөрүп, байкоо методунун табигыйлыгы сакталбайт. Бешинчиден, изилдөөчү тез жазуунун техникасына ээ болгондо толук баалуу материал чогулта алат. Байкоо методунун өзгөчөлөгү катары изилдөөчүнүн баланын аракети, сөзү, жүрүм-туруму, аткарган иш аракети жөнүндө маалыматтарды жыйноосу каралат. Байкоо методу төмөндөгүдөй баалуу сапатка ээ: 1. Изилдөөчү баланын табигый шарттагы жүрүм-турумунун негизинде фактыларды чогултат. Байкоо жүргүзүп жатканды сезбеген бала өзүн эркин алып жүрөт, ошондуктан изилдөөчү турмуштагы туура фактыларды көрө алат.2. Балдардын жүрүм-турумун чагылдыруу менен изилдөөчү ар бир баланы толук инсан катары баамдайт.

Баланын сөзүн, аракетин, жүрүм-турумун айрым бөлүп кароого болбойт. Ар бир факт изилденүүчү инсандын өзгөчөлүгү катары кабыл алынат.3. Баланын коллективдеги жүрүм-туруму, аракеттери, кептери анын жолдошторунун мамилеси, сөзүнүн таасири астында пайда болуп, баданын коллективдин башка мүчөлөрү менен болгон мамилесин байкап баамдоого мүмкүнчүлүк берет.4. Байкоо баланын жүрүм-туруму менен, изилдөөчүнүн мамилесинин байланыштуулугун ачык көрө билүүгө шарт түзөт. Баланын педагогменен болгон мамилесин байкоо өз ара мамиленин өзгөчөлүгүн чагылдырат.

Байкоо методун пайдаланууда белгиленген баалуу өзгөчөлүктөрдөн тышкары кемчилдиктер, кыйынчылыктар кездешет.1. Байкоо жүргүзө турган фактылардын турмуш менен байланыштуулугу, алардын ар кандай социалдык, психологиялык шарттар менен бирдиктүүлүгү ар бир кубулушту көрө билүүдө кыйынчылыкты пайда кылат.2. Байкоо учурунда изилдөөчү баланын жүрүм-турумуна кийлигишип, аракетин багыттап, кемчилдигин оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Изилдөөчү болгону бала эмнени, кандайча иштегенин гана чагыдцырып жаза алат, бирок өзү изилдей турган кубулуштарга кийлигише албаган учурлар кездешет.3. Изилдөөчү байкоону кайталап өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Алгачкы байкоодон кийин айрым фактыларды текшерүү зарылчылыгын иш жүзүнө ашыра албайт.4. Байкоо методу менен жыйналган фактылар жазуу формасында чагылдырылат. Мындай фактыларды анализдеп, корутундулоодо да кыйынчылыктар кездешет.Байкоо системалуу жана тандалмалуу түрдө жүргүзүлөт.

Системалуу байкоо баланын жүрүм-турумун узак убакытта изилдепбилүүнү камтыйт.1. Системалуу байкоо күндөлүк жазуу формасында сакталып, психиканын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн билүүдө фактылардын булагы катары кызмат кылат. Системалуу байкоо методун пайдаланып изилдөө көптөгөн көрүнүктүү психологдор күндөлүк жазышкан. Байкоо күндөлүгүн ата-энелер да жазып, аны психологдор анализдеп пайдаланса болот.2. Байкоо тандалмалуу болгондо баланын жүрүм-турумун белгилүү бир өзгөчөлүгү же жүрүм-туруму белгилүү убакытта гана чагылдырылат. Мисалы, оюн учурунда, азыктандырганда же күндүн белгилүү бир кыска убактысында баланын аракети, жүрүм-туруму, сезими ж. 6. бөлүнүп каралат. Байкоо методу эң алгачкы фактыларды чогултууда маанилүү, бирок көп убакытты талап кылат.

Байкоо методу ырааттуу түрдө жүргүзүлгөндө б. а. фактылары тез, так, объективдуү чагыддырганда өзүнүн илимий маанилүүлүгүн сактай алат. Эксперимент методу. Эксперимент методу баланын психикасынын өнүгүүсүнүн кандайдыр бир өзгөчөлүгүн изилдөөнүн атайын уюшулган формасы, Эксперимент төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт: 1. Изилдөөчү психикалык процессти үйрөнүүдө атайын шарт түзөт. Эгерде баланын эрк аракетине ынандыруунун таасир этүүсүн үйрөнгүсү келсе, ынандыруучу сөзүн баланын эрк аракетин бекемдөөдө пайдаланат.2. Изилдөөчү өзүнүн тажрыйбасын көп ирет кайталап өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Айрыкча эксперименттин айрым шартын өзгөртүү маанилүү, мунун натыйжасында анын изилдөөгө тийгизген таасири аныкталат.

Мисалы, эске сактоо үчүн берилген сөздөрдүү таңдоо, аларды мааниси, саны боюнча талдоо же эске сактоодо жатто ыкмасын, мааниси боюнча белгилүү убакыттан кийин кайталоо, эске сактоонун ар кандай мыйзам ченемдуүлүгүн аныктайт.3. Ар бир эксперименттин натыйжасы жөнөкөй, кыска формада белгиленет. Ал эми эксперименттин жүрүшү так, толук жазылат. Ошондой эле баланын кептери, аракеттери, кетирген катасы, тапшырманы аткаруу убактысы, эмоционалдык абалы эксперименттин жүрүшүндө толук чагылдырылат.4. Эксперименттин материалдардын анализдөөдө салыштыруу, корутундулоо, статистикалык жол менен, иштеп чыгуу ыкмалары колдонулат.

Баланын өнүгүүсүн изилдөө методу катары экспериментке айрым кемчилдиктер мүнөздүү.1. Баланын психикасын өнүгүүсүн үйрөнүүдө изилдөөчү балдардан суроолорду, чечилүүчү милдеттерди, ар кандай аракеттерди аткарууну сунуш кылат, мындай учурда эксперименттин табигыйлыгы толук сакталбайт.2. Изилдөөчүнүн суроолоруна балдардын берген жообу же оюн аракеттери, аларды инсан катары толук мүнөздөй албайт.3. Экспериментти уюштуруп өткөрүү изилдөөчүдөн атайын даярдыкты талап кылат. Суроолордун туура түзүлүшү, техникалык каражаттарды пайдалана билүү, чечилүүчү милдеттердин тактыгы, балдардын жүрүм-турумун анализдей билүү ж. б. өзгөчөлүктөр негизги мааниге ээ. Изилдөөчү ар кандай кемчилдиктерди кетирбей эксперимент методун кеңири колдонууга милдеттүү. Психологияда капыптандыруучу же үйрөтүүчү эксперимент колдонулат. Бул эксперименттин негизги максаты психикалык процесстерди изилдөөнүн жолу, окутуунун элементи катары каралат, ал психикалык процесстердин өркүндөшүнө же калыптанышына багытталат.

Калыптандыруучу эксперимент баланын белгилүү сапаттарын калыптандырууда максаттуу таасир этүүнү белгилейт. Мисалы, мектеп жашына чейинки баланын заттын формасын кабыл алууда, аны бөлүктөргө ажыратып көрө билүүсүн калыптандырууда, баланы ой процессинде заттын ички моделин түзө билүүгө үйрөтүшкөн. Ар кандай геометриялык фигуранын контурун, ар түрдүү элементтердин формасын түшүрүп толтурууга көнүктүрүшкөн. Мунун натыйжасында балада заттардын формасын кабыл алууда аракеттердин модели түзүлөт.

Калыптандыруучу эксперимент психологиялык изилдөөнүн методу катары педагогикалык эксперименттен айырмаланат. Эгерде педагогикалык эксперимент жаңы программанын эффективдүүлүгүн текшерүүдө колдонулса, үйрөтүүчү экспериментте психологдор психикалык процесстердин өзгөчөлүгүн, инсандык сапаттардын калыптанышын окуу-тарбия процессинде изилдейт. Эксперименттин ар кандай түрлөрү бир эле изилдөөнүн жүрүшүндө айкалышат. Эң алгач балдардын табигый шартта изилденүүчүпсихикалыкпроцесстердин өнүгүү деңгээлин аныктап чагылдыруу белгиленет. Кийинки этапта калыптандыруучу экспериментте белгиленген милдеттердин негизинде өнүгүүнүн жаңы деңгээли аныкталат.

Эксперименттин жыйынтыгында калыптандыруучу эксперименттин натыйжасында өнугүүнүн өзгөчөлүгү аныкталып ачылат. Лабораториялык эксперимент атайын даярдалган жайда өткөрүлөт. Бул эксперимент өзүнүн жасалма мүнөзү менен айырмаланат.

Бала атайын лабораториялык комнатада жайгашып, айрым техникалык каражаттардын жардамы менен кабыл алуунун, психикалык процесстердин күчү, тездиги, анын механизминин өзгөрүшү изилденет. Экспериментатор жанаша жайгашкан комнатадан психологиялык каражаттардын жардамы менен бала жөнүндө керектүү илимий маалыматтарды чогултат. Мындай жагдай, балада ар кандай абалды пайда кылат.

Ошондуктан азыркы мезгилде балдар психологиясында бул методду табигый экспериментке жакындатып В. С. Мухина иштеп чыккан. Ал эксперименттин максатына ылайык баланы кызыктыруучу ишаракетти оюн формасында уюштуруп өткөрүүнүн зарылчылыгын далилдеген. Психология илиминде байкоо жана эксперимент методдордон тышкары изилдөө ишинде жардамчы методдор да пайдаланылат. Жардамчы методдор деп аталышынын себеби алар байкоо жана эксперимент методдоруна кошумча пайдаланылат же баланын өнүгүүсүнүн айрым жактарын изилдөөдө же айрым суроолорду чечүүдө маанилүү.

Кошумча методдорго: тест, балдардын ишаракетинин натыйжасын анализдөө, аңгеме методдору кирет. Тест методу. Тест кыскача, стандарттуу, так тапшырма, баланын ар түрдүү психикалык процесстерин, өнүгүү деңгээлин аныктоодо колдонулат.

Бул методдун жыйынтыгы атайын иштелип чыккан шкала менен бааланат. Француздук психолог Бине Альфред (1857-1911) көп жыддар изилдөөсүнүн негизинде 3-15 жашка чейинки балдардын акыл жөндөмдүүлүгүнүн шкаласын түзгөн. Тест методу башка психологиялык методдорго караганда атайын түзүлгөн психодиагностикалык метод. Тест методун уюштуруп өткөрүүдө изилдөөчү өзүнүн алдына койгон максатына, гипотезасына ылайык, изилденүүчү объектиге тиешелүү суроолордун жообун түзөт. Азыркы убакытта тест методу балдарды изилдөөдө психология илиминде кеңири колдонууда.

Бул метод балдардын билим дэңгээлин, жалпы акылынын өнүгүү деңгээлин же айрым психикалык процесстердин өнүгүүсүн салыштырууда пайдаланылат. Мындай салыштыруу өнүгүүнүн болжолдуу аныкталган курактык өнүгүү нормасынын негизинде өткөрүлөт. Тесттин жардамы менен баланын өнүгүүсүн курактык өнүгүүгө ылайык же белгилүү шарттарга байланыштуу аныктоого болот. Тестти иштеп чыгууда тапшырмалардын татаалдыгы боюнча тандалышында баланын аткаруу мүмкүнчүлүгү каралат. Тапшырма бирдей курактык өнүгүүдөгү көптөгөн сандагы балдарга берилет жана орточо жетишкендиги эсептелет.

Ар кандай курактагы балдарга ар түрдүү тест иштелет же бир эле тест берилет. Экинчи учурда ар бир куракта анын нормасы белгиленет. Тест боюнча берилген тапшырманы текшерүү жана курактык өнүгүү нормасын аныктоо тестти стандартташтыруу деп аталат. Стандартташтырылган тестти өзгөртүүгө болбойт. Тесттин жардамы менен изилденүүчү балдар, мурунку изилденген балдардан алынган норма боюнча берилген тапшырмаларды бирдей шартта аткарууга тийиш.

Ошондуктан тест методун айрым учурда стандарттуу изилдөө методу деп аташат. Баланын жалпы акылынын өнүгүүсүн аныктоодо багытталган интеллектуалдуу тест өтө маанилүү. Алар балдарга тааныш эмес тапшырмалардан турат. Алардын аткарылышы ар кандай акыл аракеттерин талап кылгандыктан баланын акыл аракеттерине канчалык ээ экендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Интеллектуалдуу тесттин сапаты, ага кирген тапшырманын илимий негизделиши менен байланыштуу.

Баланын акылынын өнүгүүсү өтө татаал процесс, анын байкалышы көп жактуу. Тест тапшырмалары өнүгүүнүн негизги деңгээлин ачып көрсөтүүгө тийиш. Тест тапшырмаларын тандоодогу илимий мамиле баланын акылынын өнүгүүсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Илимий изилдөөлөр менен катар тест методу практикада колдонулат.

Көптөгөн чет өлкөлөрдө тест методу менен изилдөөнүн натыйжаларын балдарды ар кандай мектептерге жана класстарга бөлүштүрүүдө пайдаланылат. Мисалы, Англияда жети жашынан баштап баланы тест тапшырмаларын чыгарганга байланыштуу интенсивдүү окутуучу класска же башка класстарга бөлүшкөн. Ал эми он жашынан кийин айрым окуучулар тест тапшырмасын аткарганга карата, өнүгүү деңгээлин камсыз кылган жогорку окуу жайына даярдоочу мектептерге жөнөтүлсө, калган окуучулар азыркы мезгилдеги мектептен орун алышкан. Мындай жол менен жөндөмдүү балдар жакшы билим алат деп эсептешкен. Бирок балдарды мындай тандоо системасы илимий жактан негизделген эмес.

Чет өлкөлүк прогрессивдүү окмуштуулар бул изилдөөнү сынга алышкан. Тест кандай гана болбосун баланын өнүгүү деңгээлин изилдөөдө жүрүп жаткан, кыска убакытта чагылдырат. Бул деңгээл табигый эмес, социалдык себептер менен аныкталат. Баланын мектептеги окууга даяр болуусун аныктоодо тест методу көмөк көрсөтөт.

Өнүгүү деңгээлине баланын ден соолугу, угуу, көрүү анализаторлорунун иши, тарбиянын деңгээли жб. таасир этет. Ошондуктан тест методу менен катар, изилдөөнүн башка методдору да колдонулат. Иш-аракетган иатыйжасын анализдөө методу. Иш-аракеттин продуктысы балдардын тарткан сүрөтү, чаптаган көркөм иши, жаттаган ыры, айткан жомогу ж. 6. Алардын бардыгы изилдөө үчүн маанилүү орунду ээлейт. Чоңдордун көрсөтмөсүнө байланыштуу баланын аткарган иш-аракети анын мүмкүнчүлүгүн, ынтаалуулугун, жүрүм-турумун аныктоого шарт түзөт.

Айрыкча баланын өз каалоосу менен тарткан сүрөтү маанилүү. Балдардын тарткан сүрөтү алардын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө бай материал катары баалуу. Сүрөттөрдө баланын кабыл алуусунун өзгөчөлүгү, элестетүүсү, предметтерди бере билүүсү чагылдырылат.

Балдардын сүрөтү алардын акыл деңгээлинин өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берет. Иш-аракеттин натыйжасын изилдөөдө баланын кандайча иштегенин көрө билүү мүмкүн эмес, жалаң гана баланын ишаракетинин берилгендерин негиз катары кароого болбойт. Анткени иш-аракеттин аткарылышы шартка байланыштуу чагылдырылат. Мисалы, бешжашар баланын сүрөтүндө адамдардын турпаты айрым сызыктар түшүнүксүз чиймелер менен берилген, анткени ал жомоктогу жоокерлерди элестетип түшүргөн. Ошондуктан мындай учурда иш-аракеттин жүрүшүндө байкоо жүргүзүү керек.

Баланын сүрөттү чаптаган иши эксперименттин ар кандай түрүнө байланыштуу пайдаланылат. Заттардын формасын кабыл алуунун өнүгүүсүн изилдөөдө балдарга үлгү боюнча чаптоонун татаал түрүн даярдоо тапшырмасы берилгенде кабыл алып, кайра чагъищыруунун тактыгы байкалган. Аңгеме методу. Аңгеме өткөрүү изилдөөчүдөн көптөгөн даярдыкты талап кылат. Баланын жообу суроонун мазмунуна гана байланыштуу болбостон, анын изилдөөчү менен болгон мамилесине да байланьпытуу: ийкемдүүлүүк, мээримдүүлүк, изилденүүчү баланын жекече өзгөчөлүгүн билүүнү, аңгеменин ийгилигин камсыз кылат.

Баланын жообу толук жазылат. Алынган материалды иштеп чыкканда балдардын берген жообу башка методдордун жардамы менен алынган маалыматтарга салыштырмалуу пайдаланылат. Жогоруда белгиленген методдордун жардамы менен изилдөөчү психолог баланын өнүгүүсүн чагылдырган илимий материалдарды жыйнайт. Ал эми тарбиячынын иштеп чыккан психологиялык мүнөздөмөсү илимий-практикалык маалымат катары изилдөөчү тарабынан пайдаланылат.

Психолог изилдөөчү бир нече методдорду пайдаланып, жыйнаган материалдарды иштеп чыгууда төмөнкү талаптарды эске алууга милдеттүү. Бул талаптарды психолог ААЛюблинская белгилеген. 1. Айрым бир катталган фактылар: баланын жообун, аракетин, жүрүм-турумун, кылык-жоругун, ой жүгүртүүсүн, иш-аракетин ж. б. жыйналган материалдарды талдоо. Аагачкы талдоонун максатына, изилдөөнүн милдетине ылайык баланын психикасынын өзгөчөлүктөрүн билүү.

Изилдөөчү анализдөөнүн алгачкы этабында балада пайда болгон кыйынчылыктарга, убакытка, иш-аракеттеги жүрүм-турумга көнул буруп анын мындай өзгөчөлүктөргө болгон мамилесин белгилейт.2. Алгачкы анализдөөнүн негизинде корутундулоо. Изилденүүчү проблемага ьшайык баланын жообунун мазмунун, ишаракетинин маанилүү жагын, кетирген кемчиликтерин ж. б. жагдайларды өз ара салыштырат. Мында изилдөөчүнүн суроосу, жардамы, эскертүүсү, баалоосу эске алынат.

Баланын иш-аракетке кызыгуусу, керектөөсү, тарбиячынын жүргүзгөн иштери салыштырмалуу каралат. Мындай салыштыруу аркылуу баланын психикасынын изилденүүчү жактарынын айрым өзгөчөлүктөрүн ачып берүүгө мүмкүн. Бирок мындай алгачкы анализ фактыларды толук ачып бере албайт.3. Ар кандай фактыларды. айрым класстарда, группада ар башка мугалимдин же тарбиячынын бир эле темада өткөргөн сабагын же оюнду жазуунун, ар кандай шартта изилдөөнү өткөрүүнүн негизинде окумуштуу баланын жообунун өзгөчөлүгүн, түшүндүрүүдө аракеттердин ыгын бөлүп карайт.

Салыштырмалуу кайталанган анализ көптөгөн фактыларды жана шарттарды экинчи ирет корутундулоону талап кылат. А. Экинчи (синтез) корутундулоо ар түрдүү алынган материалдарды көп жактуу салыштырууну талап кылат. 4-5 жашар балдардын жаз же майрам жөнүндө элестетүүсүн жалпы өзгөчөлүгүн билүүдө изилдөөчү баланы ар кандай иш-аракетте: оюнда, аңгеме айтканда, сүрөт тартканда ж. б. учурларда салыштыра алат.

Дайыма байкалуучу өзгөчөлүктөрдү корутундулоо менен 4-5 жашар баланын элестетүүсүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгүн бөлүп кароого болот. Эксперименталдык материалды иштеп чыгууда окумуштуу баланын психикасынын өзгөчөлүгүн билүүгө гана умтулбастан, алардын пайда болуш себептерин түшүнуүгө аракеттенет. Ошондуктан кеңири корутундулоодо психиканын ачылган өзгөчөлүктөрүн баланын жашоосундагы ички жана сырткы шарттары, окутуунун мөөнөтү жана методдору, жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү, баланын өнүгүүсүнүн деңгээли жана баланын активдүүлүгүнүн формасы ж. б. менен салыштыруу белгиленет. Материалды иштеп чыгууда атайын изилдөөнүн натыйжаларын баланы үй-бүлөдө тарбиялоонун системасын, анын ден соолугун, абалын, баланын өнүгүүсүн салыштыруу чоң роль ойнойт. Ошондуктан изилдөөчү сырткы шарттарды жана өзү аныктаган өзгөчөлүктөрдү дагы бир ирет кайталап анализдейт.

Изилдөөнүн акыркы натыйжалары сан түрүндө таблицада чагылдырылат. Ачылган мыйзам ченемдүүлүктөр диаграмма жана илимий корутунду түрүндө берилет. Материалды иштеп чыгуу процесси көп катмардуу анализ-синтезди талап кьшып, изилденүүчү кубулушту терең ачып берүүгө мүмкүндүк берет.

Кубулуштун жалпы мыйзам ченемдүүлүгүн ачып берүү ар кандай илимий изилдөөнүн негизин түзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)