Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Психика

Психика — мээнин объективдүү дүйнөнү активдүү түрдө чагылдыруу иши. П. аркылуу кишиде айлана-чөйрө менен байланыш түзүү, ошондой эле ой жүгүртүү жолу менен айланадагы чындык, анын ичинде өзү жөнүндө түшүнүк калыптанат. Мээ өзүнүн сезүү органдары аркылуу чагылдыруу функциясын жүзөгө ашырат. Келген информацияны жогорку орган текшерет, эске тутат, ал кишинин айлана - чөйрөгө жооп кайтарууда аң-сезимдүү аракетинин негизин түзөт. Киши төрөлгөндүн биринчи күндөрүнөн баштап, көбүнчө айлана-чөйрөнүн таасири аркылуу П. калыптана баштайт. П-нын биологиялык негизи болгон мээнин системалары жалгыз гана тышкы чөйрөнүн таасиринен жаралбастан, биринчи иретте тубаса жана генетикалык факторлордун таасиринен пайда болот. Адамдын П-сы — коомдук тарыхый өнүгүштүн натыйжасы. Эмгек миллиондогон жылдар бою П-ны калыптандыруучу фактор болду.

Адамдын коомдук эмгек тажрыйбасында чагылып, өзгөрүп, татаалданып, П-нын кишиге гана таандык жогорку формасы — аң-сезим пайда болгон. Кишилер дүйнөнү таанып-билүү П-га гана эмес, аны өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү П-га ээ. Мээ — психикалык ишмердүүлүктүн органы, ошондуктан мээнин ар кыл майыптыктары жана оорулары П-нын бузулушуна, психикалык ооруларга алып келиши мүмкүн. Эгерде ошол майыптыктар жана оорулар баланын түйүлдүк кезинде же наристе балада болсо, анда П-нын өөрчүшүндө түрдүү формадагы өзгөрүштөр байкалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)