Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пржевальский Николай Михайлович

Баш барак | Биографиялар | Пржевальский Николай Михайлович

(1839, Смоленск губерниясы, Кимборов айылы, азыркы Смоленск облусу, Починков району -1888, Каракол ш.) - орус географы, борбору Азияны изилдөөчү, генерал-майор (1886). Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1878жылдан). 1867—69-жылы Уссури крайына саякат жасаган. 1870—85-жылы борбору Азияга 4 жолу экспедиция уюштуруп, ал аймактын рельефин, климатын, дарыяларын, көлдөрүн, өсүмдүктөрүн, жаныбарларын изилдеген. борбору Азиядагы негизги кырка тоолордун (Москва, Пржевальский, Алтын-Тоо жана башкалар) жайгашуу багытын аныкгап, Лобнор көлүн изилдеген жана этнография боюнча маалыматтарды чогулткан. Орус географиялык коомунун (1880) жана башкалар орус, чет мамлекеттик коомдордун ардактуу мүчөсү.

П-дин урматына Күмүш (1891) жана Алтын (1946) медалдар жана башкалар сыйлык белгиленген. П-дин ысымынан Куньлундагы кырка тоо жана башкалар географиялык объектилер аталган. 1894-жылы көлдүн бийик кашатына П-га гранитдиориттен эстелик тургузулган. бийиктиги 8 му салмагы 365 т. Авторлору: айыл айыл Бильдерлинг, И. Н. Шредер. Эстеликтин чокусуна тумшугуна зайтун дарагынын бутагын тиштеген бүркүт (канаттарынын жайылгандагы узундугу 2,5 м; колодон куюлган) кондурулган. Анын буттарынын астына П-дин саякатынын маршруту түшүрүлгөн борбору Азиянын картасы (колодон жасалган) коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 667, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу