Программалык башкаруу – 1) берилген программа боюнча түзүлүштүн, машинанын, системанын ишин башкаруу. Автоматташтырылган башкаруу системасы менен ишке ашырылат (микропроцессордун же ЭЭМдин негизинде). Ал башкарылуучу обьектинин аткаруучу органына иштөө режимин же абалын максаттуу өзгөртүү үчүн таасир берүүчү сигналдарды иштеп чыгат, 2) ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коркунучтарды азайтууга жана ар бир долбоорду ийгиликтүү аяктоого багытталып, бир нече өз ара байланышкан долбоорлорду башкаруу процесси. Практикада жана максаттары боюнча программалык башкаруу системалуу инженерия жана өнөр жайлык инженерия менен жакын байланышкан. программалык башкарууда долбоорлор ортосундагы ресурстарды координациялоого жана артыкчылык берүүгө, долбоорлор ортосундагы байланыштарды башкарууга жана программанын жалпы чыгымдары менен коопсуздуктарына өзгөчө көңүл бурулат. Программалык башкаруу долбоорлорду башкаруунун алдындагы катмар түрүндө болушу жана долбоорлорду максаттары боюнча аныктап, алар ийгиликтүү аткарылуучу чөйрөнү табуу менен долбоорлордун мыкты топторун тандашы мүмкүндүк Программалык менеджерлер долбоорлорду түздөн түз башкарууга кийлигишпейт.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер