Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Программалоо камсыздоо

Заманбап эсептөө системасынын курамы аппараттык жана программалык бөлүктөрдөн турат. Эсептөө системаларынын аппараттык камсыздоосуна аппараттык конфигурацияны түзүүчү түзүлүштөр жана куралдар кирет. Заманбап компьютерлер жана эсептөө комплекстери иштердин конкреттүү түрлөрүн аткаруу үчүн керек болгон блоктук–модулдук конструкцияга – аппараттык конфигурацияга ээ. Аларды даяр түйүндөрдөн жана блоктордон чогултууга болот.
Программалык камсыздоого оперативдик системаларды, бардык колдонмо программалык камсыздоолорду жана программалоо системаларынын тилдерин кошсо болот.
Программалык жана аппараттык камсыздоо компьютерде үзгүлтүксүз байланышта жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүдө иштейт. Биз бул категорияларды өз–өзүнчө караганыбызга карабай, булардын ортосунда диалектикалык байланыш бар экенин унутпашыбыз керек, аларды бөлүп кароо шарттуу гана болот.
Компьютерлер маалыматтарды иштетүү боюнча каалаган аракеттерди атакара алат. Компьютерлердин иштөөсүнүн негизин башкаруунун программалык принциби түзөт, башкача айтканда компьютер аракеттерди алдын ала берилген программа боюнча аткарат. Бул принцип компьютерлерди колдонуунун универсалдуулугун камсыз кылат: убакыттын аныкталган учурунда тандалган программага тиешелүү болгон маселе чечилет. Ал аткарылгандан кийин эске башка программа жүктөлөт ж. б.
Программа – бул маселенин чечилишинин алгоритмин компьютер түшүнө ала турган тилде командалардын же операторлордун удаалаштыгы түрүндө жазуу. Каалаган компьютердик программанын акыркы максаты болуп аппараттык каражаттарды башкаруу эсептелет. Компьютерде маселелерди нормалдуу чыгаруу үчүн программа эч кандай толуктоолорду талап кылбашы жана тиешелүү документи бар болушу керек. Ошондуктан компьютерге иштөөгө салыштырмалуу көбүнчө программалык камсыздоо (software) терминин колдонушат. Программалык камсыздоо катарында программалардын, процедуралардын жана эрежелердин, ошондой эле берилмелерди иштетүү системдеринин жашоосуна тиешелүү болгон документтердин жыйындысын түшүнүшөт.
Эсептөө системасынын программалык камсыздоосунун курамын программалык конфигурация деп аташат. Программалар ортосунда өз ара аракеттенүү орун алган, башкача айтканда көпчүлүк программалар алардан төмөн турган программаларга таянып иш алып барышат. Программалар аралык интерфейс – бул программалык камсыздоону бири–бири менен байланышкан бир канча деӊгээлге бөлүү. Программалык камсыздоонун деӊгээлдери пирамиданы элестетишет, мында ар бир жогору турган деӊгээл өзүнөн ылдый турган деӊгээлдерге таянат.

Базалык деӊгээл программалык камсыздоонун эӊ төмөнкү деӊгээли болуп эсептелет. Базалык программалык камсыздоо базалык аппараттык камсыздоонун курамында камтылган жана киргизүү–чыгаруунун базалык системасын (BIOS) уюштуруу менен туруктуу сактоочу түзүлүштүн (ТСТ) атайын микросхемаларында сакталат. Программалар жана берилмелер туруктуу сактоочу түзүлүшкө өндүрүштөн чыгуу этабында жазылат жана эксплуатация учурунда өзгөртүлбөйт.

Системдик деӊгээл өтмөк деӊгээл болуп эсептелет. Бул деӊгээлдин программалары компьютердин башка программаларын базалык деӊгээлдин программалары жана тикеден–тике аппараттык камсыздоо менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Системдик деӊгээлдин программаларынан бардык эсептөө системасынын иштетүү көрсөткүчтөрү көз каранды болот. Компьютерге жаӊы жабдууну кошууда системдик деӊгээлде калган программалар үчүн бул жабдуу менен өз ара байланышты камсыз кылуучу программа орнотулушу керек. Айкын жабдуулар менен өз ара аракеттенүү үчүн арналган айкын программаларды драйверлер деп аташат.
Системдик деӊгээлдин программаларынын башка классы колдонуучу менен болгон өз ара аракеттенүүгө жооп берет. Ушуга ылайык берилмелерди эсептөө системасына киргизүүгө, анын ишин башкарууга жана жыйынтыкты ыӊгайлуу формада алууга болот. Булар колдонуучунун интерфейсин камсыз кылуу каражаты болуп эсептелишет жана алардан компьютер менен иштөө ыӊгайлуулугу жана өндүрүмдүүлүгү көз каранды болот. Системдик деӊгээлдин программалык камсыздоосунун жыйындысы компьютердин оперативдик сиетемасынын ядросун түзөт. Оперативдик системанын ядросунун болушу – бул колдонуучуyнун эсептөө системасы менен практикалык иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн биринчи шарт. Оперативдик системанын ядросу эсти, киргизүү–чыгаруу процесстерин, файл системасын башкаруу, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана процесстерди диспетчеризациялоо, ресурстарды колдонуу эсебин алуу, командаларды иштетүү ж. б. у. с. функцияларды аткарат.

Кызматчы деӊгээлдин программалары базалык деӊгээлдин программалары менен да, системдик деӊгээлдин программалары менен да өз ара аракеттенишет. Кызматчы программалардын милдети болуп компьютердик системаны текшерүү жана жөндөө боюнча иштерди автоматташтыруу, ошондой эле системалык программалардын функцияларын жакшыртуу эсептелет. Кээ бир кызматчы программалар (тейлөө программалары) дароо эле оперативдик системанын курамында болот, бирок көпчүлүгү сырткы программалар болуп эсептелишет жана операциялык системанын функцияларын кеӊейтишет. Башкача айтканда кызматчы программаларды иштеп чыгууда эки багыт каралат: операциондук система менен биргелешүү, автономдук иштөө.
Кызматчы программалык каражаттардын классификациясы:

Бул деӊгээлдин программалык камсыздоосу айкын маселер (өндүрүштүк, чыгармачылык, кызыктыруучу жана үйрөнүүчү) аткарыла турган колдонмо программалардын комплексин берет. Колдонмо жана системдик программалык камсыздоонун ортосунда жакын өз ара аракеттенүү орун алган. Эсептөө системасынын универсалдуулугу, колдонмо программалардын жеткиликтүүлүгү жана компьютердин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеӊдиги карамагыбыздагы оперативдик системанын тибинен, анын ядросунда жайгашкан системалык каражаттардан жана адам–программа–жабдуу комплексинин өз ара аракеттенүүсүнөн көз каранды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)