Пришвин Михаил Михайлович

Пришвин Михаил Михайлович (23. 1(4. 2). 1873, Орёл губерниясы, Елец уезди, Хрущёв чарбагы – 16. 1. 1954, Москва – орус совет жазуучусу. Елец гимназиясында, Рига политехникалык техникумунда окуган. 1902-жылы Лейпциг университетинин агрономия факультетин бүткөн. 1906-жылы «Сашок» аттуу алгачкы аңгемеси жарык көргөн. Пришвин фольклорго жана этнографияга кызыккан. Россиянын түндүгүн кыдырып, «үйүр чымчыктар» (1907), «Сыйкырдуу көмөч соңунда» (1908), «Адам жана Ева» (1909), «Кара араб» (1910) аттуу жол очерктерин, «Женьшень» (1933) повестин, «Фацелия» (1940) поэмасын жазган. Согуш мезгилинде «Ленинград балдары тууралуу аңгемелерин» (1943), «Биздин күндүн баяны» (1945) повестин, өмүрүнүн акыркы жылдарында «Күн кампасы» , «Кеме чөйчөгү» (экөө тең 1954), «Жер көзү» (1957) аңгемелерин, «Падыша жолу» (1957) деген жомок-романын, ошондой эле «Кощей чынжыры» (1960) автобиографиялык романын жараткан. Анын чыгармаларына табиятты жан дили менен сүйүү, тилдин тазалыгы жана байлыгы, реализм менен романтизмдин, чындык менен жомоктун эриш-аркак айкалышы мүнөздүү. Аңгемелерин Д. Исаев, Т. Сулайманов, Р. Умралин, А. Кыдыров, «Досума кеткен жол» (1983) повестин Б. Боркеев которгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)