Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Прицак Омельян Иосифович

Прицак Омельян Иосифович (укр. Омелян Йосипович Пріцак ) белгилүү чыгыштаануучу, тарыхчы. Орто кылымдардагы түрк уруулары, уруулук бирикмелери (печенек, хазарлар, кыпчактар) жана алардын Киев Русу менен алакаларын ж. б. маселелер боюнча изилдеген. 1919-ж. 7-апрелинде Украинанын Львов областынын Самбор районуна караштуу Лука деген жеринде туулган, 2006-ж. 29-майында АКШнын Массачусетс шатынындагы Бостон шаарында дүйнөдөн кайткан. Тарыхчы, чыгыштаануучу, Гарвард университетинин эмеритус-профессору, Гарвард университетиндеги Украинистика институтунун негиздөөчүсү жана биринчи директору (1973—1989). (англ. Harvard Ukrainian Research Institute), Украина Улуттук академиясынын сырттагы анык мүчөсү, Украина УИАсынын алдындагы А. Крымской атындагы Чыгыштаануу институтунун негиздөөчүсү жана биринчи директору (1991—1998) болуп эмгектенген. А. Крымскийдин окуучусу Прицак Омельян Иосифович Киев Русунун тарыхын чагылдырган чыгыш булактары боюнча ири адис катары белгилүү болгон. Мындан сырткары, хазар, печенек, кыпчактардын тарыхы боюнча да бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Чыгыш булактарын, анын ичинде түрктөр боюнча тарыхый булактарды мыкты өздөштүрүп билген окумуштуу болгон. Автордун эь ири эмгектеринин бири 5 томдук «Походження Русі», англ.«The Origin of Rus») деп аталып, анан биринчи тому 1981-ж. жарыкка чыккан. Киев Русунун тарыхы «Норман теориясы» менен байланыштырылып, Киевдин же Киев (Киев Русу) мамлекетинин негиздөөчүлөрү хазарлар деген тыянакка келген. Анын изилдөө усулу тарыхый жана филологиялык жогорку эрудициясы менен белгилүү. Изилдөөчүнүн түз айткан илимий тыянактары жалпы кабыл алынган тарыхый көз караштар менен дал келгендиги менен айрымаланат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)