Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Португалия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Португалия

Жеринин аянты - 92391 чарчы/чакырым. Калкынын саны - 10060000 адам. Мындан эки миңден ашуун жыл мурда Европанын түштүк-батыш жагында, Иберия (азыр Пиренеи деп аталат) жарым аралында байыркы лузитан уруусу жашаган. Алар жарым аралдын баарын эмес, Атлантика океаны жагындагы бир аз бөлүгүн гана ээлешкен. Көп өтпөй Лузитандардын жерин римдиктер басып алышты. Алар бул жерде Римдин бир провинциясын түзүп, Лузитания деп аташты. Дагы он бир кылымдан ашык мезгил өткөндөн кийин мында мамлекет түзүлдү. Анын башкаруучулары Портус-Кале деген жерде турушкан, ошондуктан бүтүндөй өлкө Португалия деп аталып калган.

Мындан беш жүз жылча мурда өлкө башындагы королдор Европадагы эң бай, күч-кубаттуу бийлөөчүлөрдүн катарына кирген. 15-кылымда Португалияны король Генрих Деңизчи башкарган. Албетте, ал эч кайда сүзгөн эмес, бирок анын буйругу боюнча кемелер жабдылып, жаңы жерлерди табуу үчүн алыскы саякатка жөнөтүлүп жатты. Ал жерлер Португалиянын колониясы болуп калган. Ошентип, португалиялык колонизаторлор Гвинея (Бисау), Ангола, Мозамбик, ал эми 1500-жылы зор Бразилия аймагын басып алышкан.

Бардык колониялардын жалпы аянты Португалиянын өзүнүн аянтынан бир жүз он алты эсе чоңдук кылган! Португалиянын жел кемелерден - каравеллалардан турган чоң флоту болгон. Португалиялык каравеллалар океан, дениздерде чабыттаган, колониялардан талап-тоноп алган байлыктарга: алтын, татымалдар, жибек, пилдин азуулары, асыл таштарга толтуруп, Португалияга ташып кеткен. Кийинчерээк Португалия күчтүү деңиз өлкөсү болуудан калып, өнүгүүсү боюнча башка европалык өлкөлөрдөн артта кала баштады, бара-бара Европанын түнт жерине айланды. Өлкөнүн абалы 20-кылымдын башында айрыкча оордоду. 1926-жылы өлкөдө фашисттик диктатура орноду. Фашисттер Португалияда дээрлик 50 жыл кожоюндук кылышты. 1974-жылы гана демократиялык маанайдагы аскер кызматкерлери элдин колдоосуна таянып, фашисттик диктаторлор менен генералды кулатты.

Африкадагы португалиялык колониялардын элдеринин эркиндик үчүн жүргүзгөн ийгиликтүү күрөшү да бул жеңишти жакындатты. Жаңы Португалия алардын көз карандысыздыгын тааныды. Португалия - өтө кооз өлкө. Жашылга оронгон тоолор, бооруна жүзүм өстүрүлгөн дөбөлөр курчаган ажайып кооз өрөөндөр көз кубантат. Атлантиканын жээкке жакын сууларында балык уулоочу кемелер жайнайт. Жергиликтүү эл тресканы өзгөчө баалашат. Треска (португалча - бакальао) - алардын улуттук тамагы. Португалиянын жери күрдүү, берекелүү.

Мында буудай, жүзүм, жүгөрү, апельсин, зайтун дарактары өсөт. Португалиялыктардын көпчүлүгү дыйканчылык менен кесип кылат. Калктын бештен бир бөлүгү Лиссабондо - Португалиянын борборунда жашайт. Бул Тежу дарыясынын оң жээгинде, Атлантика океанына куйган жерден анча алыс эмес жайгашкан кооз, чоң шаар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2380, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо